Округдар боюнча шайлоонун жыйынтыгы 12-майга чейин чыгарылат
RU

Округдар боюнча шайлоонун жыйынтыгы 12-майга чейин чыгарылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БШК үч шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын 12-майга чейин аныктайт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Мыйзамга ылайык, автоматтык эсептөөчү урналардан алынган добуштардын жыйынтыгы алдын ала алынган маалымат болуп саналат, участкалык шайлоо комиссиялары кол менен эсептөөнүн натыйжалары боюнча тиешелүү шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарышат.

Шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары чыгарылгандан кийин маселе жаралса 3 күндүн аралыгында округдук шайлоо комиссияларына даттанууга болот.

Борбордук шайлоо комиссиясы округдук комиссиянын протоколдук маалыматтарынын негизинде добуш берүү күнүнөн тартып 13 календардык күндөн кечиктирбестен (2023-жылдын 12-майына чейин) округ боюнча шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимине нааразы тараптар үч күндүн ичинде сотко даттана алат.

Белгилесек, 28-апрелде Баткен, Ош жана Кара-Суу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча:

Баткен шайлоо округунан 41.51 пайыз (11 814 добуш) пайыз менен Бактыяр Калпаев;

Ош шайлоо округунан 43.05 пайыз (9 936 добуш) менен Бекмурза Эргешов;

Кара-Суу шайлоо округунан 36.16% пайыз (7 601 добуш) менен Илимбек Кубанычбеков алдыга чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/16050