Кытайга 5 см болгон мөндүр жаады
RU

Кытайга 5 см болгон мөндүр жаады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясындагы Гуанчжоу шаарынын аймагына диаметри 5 сантиметрден ашкан мөндүр жааганын Синьхуа жекшемби күнү билдирди.

"27-апрель күнү түштөн кийин конвективдүү булуттардын таасири астында Гуанчжоу аймагында катуу торнадо болуп, чоң мөндүр жааган, мөндүрлөрдүн диаметри 5 сантиметрден ашкан", - деп айтылат агенттиктин билдирүүсүндө.

Кытайдын Weibo социалдык тармагында чоң мөндүр жана нөшөрлөгөн жамгырдын видеолору тарады. Кээ бир мөндүрлөрдүн өлчөмү кокостун өлчөмүнө туура келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/16047