Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымы макулдашылды
1197
Баткен шаарында 10-январдан 16-январга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча топографиялык жумушчу топторунун жана жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушууда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 38,35 чакырымын макулдашышты.Тараптар Тажикстан Республикасынын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/15326