Суука байланыштуу Бишкектин окуучулары жума аягына чейин онлайн окууга өткөрүлдү
Үшүккө байланыштуу Кыргызстандын мектептери үч күнгө – 13, 14 жана 15-декабрга чейин онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу адегенде борбор калаанын мугалимдери мессенджер аркылуу айтышкан.
Билим берүү министрлиги эгерде сыртта абанын температурасы -25 градустан төмөн болсо, анда сабактарды дистанциялык түрдө өткөрүүгө болоорун түшүндүрдү.
Бишкек мэриясы КР Билим берүү жана илим министрлигинин 13-декабрдагы буйругуна таянуу менен борбор калаанын мектептери бүгүнтөн баштап 15-декабрды кошкондо онлайн окутууга өтүп жатканын билдирди. "Бала бакчалар кадимки режимде иштеп жатат, бирок ата-энелер мүмкүнчүлүгү болсо жана баласын үйдө калтыргысы келсе, алар мугалимге кабарлашы керек", - деп кошумчалады муниципалитет.
Онлайн сабактар тууралуу маалымат алдын ала эмес, эртең менен гана пайда болгонуна ата-энелер нааразы.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 13-14-декабрда аномалдык суук күтүлөт. Бирок аптанын аягында абанын температурасы көтөрүлөт.