Бишкекте бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат
1134
Бишкекте бардык маршруттук каттамдар толугу менен автобустарга алмаштырылат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Муниципалитеттен белгилешкендей, автобустардын санын 1 миң 500гө жеткирүү пландалууда. Жаңы автобустардын жакынкы арада келиши күтүлүүдө.
Ошондой эле келечекте бардык айдоочулар бирдиктүү формага өтүшөт.
Белгилей кетсек, буга чейин бир катар кичиавтобустук каттамдар жаңы автобустарга алмаштырылган. Мурда жарандарды тейлөө үчүн 320-330 автобус каттаса, учурда каттамда 427 автобус бар.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/15101