Баткен облусунун бир районунан эле 33 миңден ашуун жаран эвакуацияланды
3301
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова бүгүн, 2-майда өткөн брифинг учурунда конфликт зонасынан канча жаран эвакуацияланганын айтып берди.
Анын айтымында, Лейлек районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек жана Кулунду айылдарынан 33 488 адам эвакуацияланган, анын ичинен 19 142си кичинекей балдар.
Эвакуацияланган жарандар балдар бакчасына, мектептерге жана башка социалдык объектилерге жайгаштырылган.
- 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курчуй баштаган.
- 29-апрелде конфликт уланып, бир нече айылда өзгөчө кырдаал киргизилип, жергиликтүү калк эвакуацияланган.
- Чукул кеңеш өткөргөндөн кийин президент Садыр Жапаров биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковду кыргыз-тажик көйгөйүн чечүү жумушчу тобунун төрагасы кылып дайындады.
- Кыргызстан менен Тажикстандын Тышкы иштер министрликтери 29-апрелде, саат 20:00дон тартып ок атышууну токтотуу боюнча макулдашышты.
- Түнкү саат 00:00го карата жарадар болгон жарандардын саны 134 кишиге жетти.
- 30-апрелде эртең менен кайрадан ок атышуунун добуштары угула баштады.
- 30-апрелде, саат 16:00до сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бардык айылдар бошотулат, деп Камчыбек Ташиев билдирди.
- 18:20да жарадар болгондордун саны 154 адамга жетти. Анын ичинен 31 киши каза болду.
- 19:00до Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени белгилүү болду.
- 3-апрелден 1-майга караган түн тынч өттү.
- Кыргызстанда 1-2 май күндөрү аза күтүү күндөрү болуп жарыяланды.
- Лейлек районунда кайрадан ок атыла баштады. Ворухка караган жол тажик аскерлери тарабынан жабылды. Арка айылында жергиликтүү калктын үйлөрүнө ок атылууда. Кыргызстандын 34 жараны каза болгону белгилүү болду, анын ичинен үчөө аскер кызматындагылар.
- 1-майда, кечки саат 18:00до эки өлкөнүн делегацияларынын жетекчилери аскер түзүмдөрүн туруктуу дислокациясына чыгарып, ок атууну токтотуу чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Андан тышкары барымтага алынган 10 киши кое берилди, анын ичинде Интернационал айылынын башчысы дагы.
- 1-майдан 2-майга карган түн тынч өттү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/1477