Бишкекте имамдар Палестинада курман болгондорго куран окушту
Бүгүн, 20-октябрда Бишкек шаарынын Борбордук мечитинде жалпы имамдарга чукул жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Шакир ажы Маматов баштаган казыят жамааты, баш имам-хатибдер, укук коргоо кызматкерлери жана борбордогу жалпы 74 мечиттин имамы катышты.
- Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана иш-чаралар;
- Палестинада болуп жаткан окуялар жана курман болгондорго куран окуу;
- Мекемелер аралык иш тобунун мечиттерди текшерүүлөрүнө даяр болуу.
"Палестинадагы болуп жаткан окуяларды баарыбыз көрүп жатабыз. Курман болгондорду көрүп, кабыргабыз кайышып турган учуру. "Мусулмандын куралы - дуба" дегендей, учурда биздин эң жакшы жардамыбыз дуба кылуу. Бирок дуба кылууда коомдук жайда элди топтоо, бакырып-өкүрүү эмес, тынчтыкка үндөө жана саясатташтыруудан оолак болуу. Ушул боюнча жума баяндарында түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү. Себеби мындай окуялардан пайдалынып, айрым экстремисттик-саясий уюмдар туура эмес пикирлерди, чакырууларды жайылтып ийиши ыктымал", - деди Шакир ажы Маматов.