Бул айымдар ким болгон, аларды билүү эмне үчүн маанилүү? Бишкектеги топонимикалык азчылык
Kaktus.media революционерлер, башкаруучулар, сүрөтчүлөр, балериналар жана топонимикалык азчылыктын башка өкүлдөрү тууралуу айтып берет.
Биздин материал эмне жөнүндө экенин болжолдой алдыңызбы?
Кандай болгон күндө да, адегенде тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз ("тест" деген сөздү басып, күтө туруңуз, кызматты жүктөө үчүн убакыт керек).
Бишкекте миңден ашык көчө бар. Geodzen.com сайтында 1148 аталыш, анын ичинде жаңы микрорайондор жана жаңы конуштардагы номур менен белгиленген көчөлөр бар. Kaktus.media редакциясына так статистиканы табуу мүмкүн болгон жок. Мэрия "Бишкекбашкыархитектурага" жиберсе, ал жактан мекеме мындай статистиканы жүргүзбөөрүн айтты. Көчөлөрдүн баары ар кандай аталыштарга ээ. Кээ бирлери өлкөнүн же шаарлардын атынан аталса (Киев, Москва, Алма-Ата, Арстанбап көчөсү, Ашхабад жана башкалар), кээ бирлери абстракттуу аталыштарга ээ. Бишкекте да өзгөчө аталыштагы көчөлөр бар. Мисалы: Веселая, Широкая, Тихая көчөлөрү.
Бирок көчөлөрдүн басымдуу бөлүгү атактуу адамдардын ысымдары менен аталган. Эреже катары, эркектердин атындагы көчөлөр басымдуулук кылат. Бишкектин 12 гана көчөсүнө аялдардын ысымы ыйгарылган. Адабий чыгармалардын каармандарынын ысымдары коюлган бир нече көчө бар.
Бүбүсара Бейшеналиева, Уркуя Салиева жана Курманжан датка көчөлөрүн эске албаганда аялдардын атынан аталган көпчүлүк көчөлөр тар жана алар чет жакта жайгашкан.
Көчөлөрдү көрүү үчүн картадагы кызыл белгилерди басыңыз.
Шаарыбыздын көпчүлүк тургундары Бишкекте аялдардын ысымы ыйгарылган кайсы көчөлөр бар экенин билишпейт да экен. Kaktus.media Instagram социалдык тармагында жүргүзгөн сурамжылоодо жогорудагы үч чоң көчө эң көп айтылган.
Kaktus.media редакциясы Бишкектин көчөлөрүнө ысымы ыйгарылган аялдар кимдер экенин айтып берүүнү чечти.
Көңүл буруңуз: материалдагы көчөлөр хронологиялык тартипте, башкача айтканда, шаардын картасында пайда болгон убактысы боюнча берилген.
Роза Люксембург
СССРдин ар бир шаарында аялдар үчүн атайын 8-Март жана Роза Люксембург көчөлөрү бар деген тамашаны билесизби? Ар бир тамашада чындыктын үлүшү бар. Эмнеси болсо да Бишкекте 8-март жана Роза Люксембург көчөлөрү бар, алар 30-жылдары борбордо пайда болгон.
8-март майрамы Роза Люксембург менен тыгыз байланышта. Бирок Розанын өмүр баяны бул майрамдан алыс - анын жашоосу күрөшкө, жигердүү ойлорго жана дүйнөлүк тартипти өзгөртүү аракетине толгон. Бүгүнкү күндө анын аракетинин натыйжасында аялдар кесип тандоо, билим алуу жана жалпысынан эле тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышат. Учурдагы мыйзам ченемдүү көрүнүштөр Роза Люксембургга чейин болгон эмес.
Саясий ишмердүүлүгүндө Роза Люксембург көп жолу камакка алынган. Акыркы жолу ал Германиядагы жумушчулардын ийгиликсиз көтөрүлүшүнөн кийин кармалган. Ал учурда жумушчулардын көтөрүлүшүн Роза Люксембург сыяктуу эле Карл Либкнехт да колдогон. Карл Либкнехт немис саясий ишмери, юрист, согушка каршы чыккан активист, эл аралык жумушчу жана социалисттик кыймылдардын лидери, Германиянын коммунисттик партиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Люксембург менен Либкнехттин башы үчүн 100 000 маркадан сыйлык коюлган. Расмий версия боюнча, 1919-жылы Роза Люксембург аны сурактан түрмөгө алып бара жаткан кайыкта атып өлтүрүлүп, денеси сууга ыргытылган.
Бул окуядан дээрлик жүз жылдан кийин Германиянын федералдык канцлери болуп аял дайындалат.
Полина Осипенко
Өткөн кылымдын 30-жылдарынан бери аты өзгөрбөгөн дагы бир көчө – Полина Осипенко көчөсү.
Полина Осипенко - көрүнүктүү учкуч, МП-1 гидро учагы менен дүйнөлүк авиацияда 3 жолу рекорд койгон аял.
"Мен үй канаттууларын бакчу элем. Биздин айылдын жанына учак конгон. Бир аял түштү. Мен таң калдым: аялдар да уча алабы?!" – деп өзүнүн авиацияга таштаган кадамы тууралуу эскерген.
1938-жылдын 2-июлунда авиациялык достору – штурман-радист Марина Раскова жана учкуч Вера Ломако Полина Осипенко болуп гидроучак менен Севастополдон Архангельскиге учуп кетишкен. Ошондон кийин СССРдин бардык булуң-бурчунан жүздөгөн кыздар Полинага кат жазып: "Учуу мектебине кантип кирсе болот?" деп сурай башташкан.
Ошол эле 1938-жылы ANT-37 учагында Валентина Гризодубова жана Марина Раскова менен бирге Москвадан Ыраакы Чыгышка 6450 чакырым алыстыкка тынымсыз учуу жасап, аралык боюнча жаңы дүйнөлүк авиация рекордун койгон.
Бул эрдиги үчүн Полина Осипенкого Советтер Союзунун Баатыры наамы берилип, аскердик учкучтарга насаатчы болуп дайындалган.
Полина Осипенко 1939-жылдын 11-майында Кызыл Армиянын Аскердик аба күчтөрүнүн Башкы учуу инспекциясынын жетекчиси Анатолий Серов менен биргеликте божомолдоп учуу жасаган, тагыраагы экипаждын бир мүчөсү жабык кабинада болуп, учакты башкарып, экинчиси учууларды божомолдуу түрдө аткарат. Экинчи учуу кайгылуу аяктаган: Осипенко менен Серов кырсыкка учурайт.
Өлкөдө жалпы аза күтүү жарыяланат. Полина Денисовнанын табытын Кремлдин Молотов дубалына, ал эми Анатолий Серовдун табытын Кремлдин Сталин дубалына чоң сый көрсөтүү менен алып барышкан. Кийинчерээк Марина Раскова Полинанын насаатчылык чеберчилигин Улуу Ата Мекендик согуш маалында түзүлгөн аялдардын учуучу полкун даярдоодо колдоноорун айткан.
Уркуя Салиева
Бишкектин бул көчөсүн элдин баары билет. Бирок көчөнүн аты аялдын ысымынан коюлганын, "Салиев көчөсү" эмес, "Салиева көчөсү" деп жазып, айтуу керектигине маани беришпейт.
1973-жылга чейин бул көчө "Токмакская" деп аталып келген.
Уркуя Салиева 1910-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы Мерки-Мүркүт айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал 17 жашында саясатка аралаша баштаган (комсомолдук ячейканын катчысы болгон). Ошол кездеги эң катаал патриархалдык салтта тарбияланган дыйкандын үй-бүлөсүнөн чыккан кыз үчүн мындай иш абдан оор болгон. Бул азыр деле шыктандыра турган үлгү, бирок мындан 100 жыл мурда Уркуя Салиеванын окуясы чындап эле укмуш болгон.
Азыркы учурда аялдар лидерликке жетүү үчүн канча тоскоолдуктарды басып өтүшү керек? XX кылымдын башында бул үчүн эмне кылуу керек эле? 1928-жылы Уркуя Салиева ошол кездеги каада-салтка каршы, бирок жаңы бийликтин талабына ылайык Мерки-Мүркүт айылдык кеңешинин төрагалыгына шайланат. Ал бир жылдан кийин Кызыл-Аскер колхозун уюштурат.
Колхоз уюштурууга каршы чыккандар да аны колдоого алышкан. Алардын логикасы жөнөкөй эле: ишти түшүнбөгөн аял жаңы жана татаал ишти башкарып көрсүн, анан башына иш түшкөндө калганын көрө жатарбыз деп ойлошкон. Бирок кайраттуу Уркуя өзүнүн колхоздогу ишин жолго коюуга жетишет.
Тилекке каршы, 1934-жылы Уркуя Салиеванын өмүрү кыска болуп, кайгылуу аяктаган: ал күйөөсү экөө тең өлтүрүлгөн. Ал кезде Уркуя болгону 24 жашта эле. Ал түзгөн колхоз дыйкандардын өтүнүчү боюнча анын урматына аталып калган.
Уркуя Салиева Кыргызстанда дагы эле аялдардын укугу үчүн күрөштүн символу катары эсептелинет.
Дал ушул себептен Бишкекте аялдардын укугун коргоо жүрүштөрү "Революциянын каармандарынын" эстелигинин жанында аяктайт.
Бүбүсара Бейшеналиева
Кыргыздын улуу балеринасынын атындагы көчө 1974-жылы пайда болгон. Бүбүсара Бейшеналиева СССРдин эл артисти, Кыргызстандагы балет искусствосунун алгачкы жол салуучусу. Ал өзүнүн өнөр жолунда 30дан ашык образ жараткан.
10 жашында Бүбүсара бир топ кыргыз балдары менен бирге Ленинград хореографиялык окуу жайына (азыркы Агриппина Ваганова атындагы Орус балет академиясы) өтүп, ал жерде көрүнүктүү балерина Агриппина Ваганова анын устаты болуп калат. Б. Бейшеналиева 1939-жылы эле Москвадагы Чоң театрдын сахнасында Кыргыз искусствосу менен адабиятынын биринчи декадасында дебют жасаган. 1941-жылдан тарта өмүрүнүн акырына чейин А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында иштеген.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик маданият жана искусство институту да улуу балеринанын ысымын алып жүрөт. 1994-жылдан 2008-жылга чейин анын сүрөтү түшүрүлгөн 5 сомдук банкнота жүгүртүүдө болгон.
Бүбүсара Бейшеналиеванын эстелиги борборубуздагы А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жанына коюлган.
Зууракан Кайназарова
Бишкектеги Тернопольская көчөсү 1983-жылы Зууракан Кайназарова көчөсү деп өзгөртүлгөн.
2015-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Зууракан Кайназарованын туулган күнүнө карата 18-июнду жыл сайын Айылдык аялдар күнү катары белгилөө жөнүндө токтом кабыл алган.
Анын бюсту Бишкектин Эркиндик гүлбагына коюлган.
З. Кайназарова эмгектеги каармандыктын үлгүсү. Ал ар бир гектардан 971 центнерден кант кызылчасынын түшүмүн алган. Бул дүйнөлүк рекорд болгон. Ошол жылдары республика боюнча орто эсеп менен 1 гектардан 400 центнерден түшүм алынган. З. Кайназарова кант кызылчасынан жогорку түшүм жыйнагандыгы үчүн 1948-жылы СССРдин Ленин ордени жана жогорку даражадагы Социалисттик Эмгектин Баатыры алтын медалы менен сыйланган.
Зууракан Кайназарова кант кызылчасынан жогорку түшүмдү туруктуу жыйнап, аны өстүрүү боюнча илимди жана алдыңкы тажрыйбаны кеңири жайылтып, 23 жыл бою колхоздо бригаданын мүчөсү болуп ак ниеттүү эмгек кылганы үчүн 1957-жылдын 15-февралында экинчи жолу Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы менен сыйланган.
Анна Волкова
Борбор калаадагы Почтовая көчөсү 1984-жылы 16-августта Анна Волкова көчөсү деп өзгөртүлгөн.
Анна Волкова - советтик микробиолог, ветеринар. Ал Саратов шаарында төрөлүп, Кыргызстанга 1938-жылы келген.
А. Волкова малды, анын ичинде бруцеллезго каршы эмдөөнүн жана дарылоонун көптөгөн ыкмаларын иштеп чыккан. Өмүрүнүн акырына чейин Кыргызстанда иштеген. Ал 1983-жылы каза болгон.
Нуркамал Жетикашкаева
1988-жылы №12 кичи району менен Асанбай кичи райондорунун ортосундагы аты жок көчөгө Нуркамал Жетикашкаеванын ысымы берилген (карталарда бул көчө жөн эле Нуркамал көчөсү деп да белгиленген).
Н. Жетикашкаева кыргыз профессионал адабиятынын аялдар поэзиясынын баштоочусу, акын жана актриса.
1941-жылы Москвадагы Луначарский атындагы ГИТИСте окуйт. Окууну бүткөндөн кийин алгач Кыргыз драма театрында иштеп, кийинчерээк Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тил, адабият жана тарых институтуна которулат.
1946-жылы акын СССР Жазуучулар союзуна мүчө болгон.
1949-жылы анын "Жанган жалын" аттуу биринчи поэмасы жарык көргөн.
Нуркамал Жетикашкаева 1952-жылы 34 жаш курагында каза болгон. 1 жылдан кийин ырларынын жана поэмаларынын толук жыйнагы, ошондой эле "Мен Октябрдын кызымын" орус тилиндеги ырлар жыйнагы басылып чыккан. 34 жылдык өмүрүндө 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-мекендик согуштагы "Күжүрмөн эмгеги үчүн" медалы менен сыйланган.
Динара Асанова
1989-жылы 21-сентябрда Леспромхозная көчөсүнө советтик актриса жана режиссёр Динара Асанованын ысымы ыйгарылган.
Ал 1960-1962-жылдары "Кыргызфильм" киностудиясында иштеп, "Тянь-Шан кызы", "Ар кимдин өз жолу" тасмаларында роль жараткан. Андан кийин Бүткүл союздук кинематографисттер институтуна кирип, "Ленфильм" студиясында да иштеген. Д. Асанова алгачкы толук метраждуу "Тоңкулдактын башы оорубайт" тасмасын 1975-жылы тарткан. Андан кийин "Кырсык" (1979-ж.), "Аял кетти" (1979-ж.), "Жараксыз" (1980-ж.), "Сен бирөөнү тандашың керек" (1981-ж.), "Боз балдар" (1983-ж.) тасмаларын тартат. 1984-жылы тарткан "Садагам, кымбатым, сүйүктүүм, жалгызым" тасмасы Канндагы эл аралык кинофестивалда дипломго татыган.
Курманжан Датка
1998-жылы 11-ноябрда Бишкектеги Алма-Ата көчөсүнүн бир бөлүгү тарыхый инсан Курманжан датка көчөсү деп өзгөртүлгөн.
Аны көбүнчө "Алай ханышасы" деп да коюшат. Датка наамы - генералдык чинге тете эле, ал эки жолу датка наамына татыктуу болгон.
Курманжан Алайдагы Муңгуш уруусундагы карапайым үй-бүлөдө төрөлгөн. 18 жашка чыкканда атасы кудалашып койгон Төрөкул бийдин уулуна турмушка чыккан. Бирок күйөөсү көңүлүнө толбой, Курманжан өз мезгилинин катаал мыйзамына каршы туруп, 1 жылдан кийин төркүнүнө келе берген (мунун баары XIX кылымда болгон). 21 жашында адигине уруусунун бийи Алымбек даткага жолугуп, аны менен үй-бүлө курган. Курманжан турмушка чыккандан баштап мамлекеттик, коомдук иштерге аралашып, көп жылдар бою Алымбек датканын кеңешчиси, жардамчысы болгон. Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин күйөөсүнүн даткалык бийлигин улантып, дипломатиялык жөндөмдүүлүгү менен Алай элине эле эмес, Фергана өрөөнүндө да даңктуу башкаруучу катары бааланган.
Курманжан датка Бухара жана Кокон хандары тарабынан таанылган.
2004-жылы Курманжан датканын урматына Эркиндик гүлбагында эстелик тургузулган.
2009-жылы анын сүрөтү түшүрүлгөн 50 сомдук банкнота жүгүртүүгө киргизилген.
Даркүл Күйүкова
2005-жылдын 3-октябрында Арча-Бешик конушундагы аты жок көчөгө театр жана кино актрисасы Даркүл Күйүкованын ысымы ыйгарылган.
Бирок карталарда бул көчө эркектин атынан коюлгандай көрсөтүлөт – Д. Күйүков атындагы көчө деп белгиленген.
Кайталангыс талант ээси 1919-жылы азыркы Аламүдүн районуна караштуу Төкөлдөш айылында туулган. Дыйкандын үй-бүлөсүндө тарбияланган кыз 10 жашынан тарта эле театрда роль жарата баштаган. 17 жашында Фрунзе шаарындагы Жаш көрүүчүлөр театрынан эмгек жолун баштап, ал кезде кемпирдин образын жаратып, көрүүчүлөрдү таң калтырганы айтылып жүрөт. 1940-жылдан тарта Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеп, кино тасмаларга 1954-жылы тартыла баштаган.
Бакен Кыдыкеева
2010-жылдын 29-мартында Кара-Жыгач конушундагы 15 көчөгө аталыш ыйгарылып, алардын бирине СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын аты берилген (бирок картада Кыдыкеев көчөсү деп жаңылыш көрсөтүлгөн).
Б. Кыдыкеева чыгармачылык жолун 1936-жылы Жаш көрүүчүлөр театрынан баштап, Лопе де Веганын "Койлуу булак" драмасында Лауренсиянын ролун аткарып, сахнага 13 жашында чыккан. 1955-жылы кыргыздын алгачкы толук метраждуу "Салтанат" тасмасында башкы ролду ойноп, киного аралашкан.
Ыйык сахнада жана тасмаларда жүздөгөн ролду ийине жеткире аткарган. Чыгармачылык жолунда ар кандай бут тосууларга кабылып, эки жолу театрдан айдалып, ал жактан үч-төрт жылдай чыгып калган. Жеке жашоосунда да өйдө-ылдый болуп, 33 жаштагы кызынан айрылып калган. Актриса 70 жаш курагында жол кырсыгынан көз жумган.
Сайра Кийизбаева
2010-жылдын 29-мартында Литовская көчөсү алгачкы кыргыз опера ырчысы Сайра Кийизбаеванын ысымына өзгөртүлгөн.
Сайра Кийизбаева мектепти аяктагандан кийин 1931-жылы Фрунзедеги кыз-келиндердин педагогикалык техникумуна тапшырган. Ал жакта билим алып жүргөндө Бүткүл кыргыз элинин чыгармачылык олимпиадасына катышып, өзүнүн үнү менен өзгөчөлөнүп, театрга жумушка алынган.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти алгачкылардан болуп Орто Азияда "Евгений Онегин" операсында Татьянанын партиясын аткарган. 1947-жылы Прагада биринчи жолу уюштурулган демократиялык жаштардын фестивалына катышкан. Чыгармачылыгы оргуштап турган маалда СССРдин чоң театрына чакыртылып, ал жакта "Чио-чио-сан" операсында Баттерфляйдын партиясын ийгиликтүү аткарып, москвалык көрүүчүлөрдү суктандырган.
Бишкекте аялдардын атындагы дагы кандай көчөлөр бар?
Бишкек шаарында Манас баатырдын жубайы Каныкей атындагы жана Бугу-Эне деген көчөлөр бар. Эл оозунда айтылган уламыш боюнча Бугу-Эне – бир уул, бир кызды эмизип, аларды сактап калган имиш. Балдар чыйрак, дени сак чоңоюп, Бугу уруусун негиздеп, азыркы Кыргызстандын жеринде кыргыздын биринчи уруусу болуп отурукташып калган дешет.
Борбор калаада Бермет, Салтанат, Зулайка, Майрам, Мээрим деген көчөлөр да бар.
"Бишкекбашкыкурулуш" мекемесинен көчөлөргө тарыхый инсандардын ысымдарын ыйгаруу шарт эмес деп билдиришти. Айрым учурда адабий чыгармалардагы каармандардын ысымдары көчөлөрдүн аталышы үчүн колдонула берет дешет.
Аялдардын атындагы кээ бир көчөлөрдүн аттары өзгөртүлгөн, мисалы большевиктер бийлигин орноткон революционер В. Лениндин жубайы Надежда Крупская атындагы көчө академик Салмоорбек Табышалиев көчөсү болуп калган.
Дүйнөлүк тажрыйба
Көчө аталыштарындагы гендердик теңсиздик кыргыз же постсоветтик эле эмес, глобалдык көйгөй. Индиялык программист Аруна Шанкаранараянан жети шаардын санарип картасын - Лондон, Париж, Сан-Франциско, Мумбай, Нью-Дели, Ченнаи (Тамиланддын борбору) жана Бенгалуру (Карнатаканын борбору) түзүп, анда эркектердин жана аялдардын атындагы көчөлөрдү белгилеп чыккан. Анда аялдардын ысымы коюлган көчөлөрдүн эң көп пайызы (39%) Бенгалуруда экени аныкталган.
2012-жылы Римде жашаган география мугалими Мария Пиа Эрколини аталган шаардагы 16500дөн ашык көчөлөрдүн тарыхын изилдеген. Анын айтымында, Римде көчөлөрдүн 3,5% гана аялдардын аты менен аталган. Бул жагдайды оңдоо үчүн ал Faсebook`та Toponomastica femminile тобун түзгөн. Ал мындай демилгеси менен көйгөйгө калктын жана өкмөттүн көңүлүн буруу аракетин жасаган.
2015-жылдын август айында Парижде миңдеген аялдар Франциянын баш калаасындагы көчөлөрдүн 2,6% гана атактуу аялдардын ысымдары менен аталганына нааразычылык билдиришкен. Алардын акциясынан кийин Париждеги 600 көчөнүн аталышы өзгөртүлүп, аталыштар жазылган такталар алмаштырылган.
Географиялык аталыштарга байланыштуу теңсиздикке көңүл бурган Osez le Féminism деген топ да түзүлгөн.
Теңсиздиктин себептери
Гендер боюнча адис Зульфия Көчөрбаева мындай кырдаал бир нече себептерден улам пайда болгонун белгилейт.
"Алардын бири - аялдардын салымы ар дайым азыраак бааланып келгени менен байланыштуу. Тилекке каршы, мындай тенденция уланууда. Көбүнчө көчө аттары, мисалы жоокерлердин урматына коюлат. Аялдар кээ бир аскердик иш-чараларга катышкан болсо деле алардын ысымдары көп учурда документтештирилбейт жана тарых боюнча окуу китептерине кирбейт. Экинчи жагынан, адегенде аялдын милдети – үй оокаты жана балдарды багуу деген стереотиптик көз караш бар. Экономика, саясат, илим жана башка коомдук чөйрөлөр эркекке мүнөздүү деп эсептелинет. Ошондуктан теңсиздик орун алып, Бишкектин топонимикасы муну ачык ырастап турат", - дейт Көчөрбаева.
Бишкекте көчөлөрдүн аталыштары кандай тандалат?
"Чарбалык ишканаларга, курулуштарга аталыш берүүнүн жана аталышын өзгөртүүнүн тартиби "Кыргыз Республикасынын Географиялык аталыштар жөнүндө" мыйзамы, ошондой эле "Географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө" жобо менен жөнгө салынат", - дейт "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык мекемесинин топонимика жана эстеликтерди каттоо секторунун башчысы Юлия Моисеева.
Анын айтымында, 2013-жылдан бери аталыштарды өзгөртүүгө 10 жылга мораторий киргизилген, мындан улам алар аталышы жок көчөлөр, географиялык чарбалар, ишканалар боюнча эле иш алып барышат.
"Көчөлөргө, чарбалык ишканаларга, эс алуу жайларына кайсы бир тарыхый инсандын ысымын берүүдө анын мамлекет алдындагы жасаган эмгегин, кошкон салымын карайбыз. Аталыш берүүнү кароо тартиби жөнүндө жобого ылайык, биз жарым жылда жок дегенде бир жолу комиссия өткөрүшүбүз керек. Ал эми комиссия суроо-талаптарга жараша түзүлөт", - деди ал.
Теңсиздик боюнча маселени кантип чечүү керек?
Гендер боюнча адис Зульфия Көчөрбаева жаңы аталыштарды тандоо процессине болгон мамилени өзгөртүп, ага жооптуу болгон комиссия алгылыктуу иштерди жасашы керек деп эсептейт.
"Коомчулук өзгөртүүлөрдү сунуштайт деп күтпөшүбүз керек. Көчөлөргө кимдин ысымы ыйгарылганын каттоого алышыбыз керек. Экинчи жагынан, бул тарыхый иш болгондуктан коомдун өнүгүшүнө чындап салым кошкон аялдарды атын карап чыгышыбыз керек", - деди эксперт.
З. Көчөрбаева аялдардын атындагы көчөлөр аз болгону жетишпегенсип, айрым учурда эркектердин атындагы көчө катары жаңылыш айтыларын баса белгиледи.
Ошондуктан көчөлөрдүн аталышын тактоо боюнча дүйнөлүк практиканы колдонуу керек. Мисалы Парижде Рошуар кең көчөсү бар. Чынында бул көчө аббатиса (католик чиркөөсүндөгү кечил аялдар тобунун башчысы) Маргарита Рошуардын ысымынан аталганын аз эле адамдар билген, анткени карталарда ал жөн эле Рошуар кең көчөсү деп көрсөтүлгөн. Парижде текшерүү жүрүп Маргарита Рошуардын көчөсү - аялдын атынан коюлганы баса белгилене баштаган.
Топонимикалык теңчилик эмне үчүн керек?
Зульфия Көчөрбаеванын айтымында, топонимикадагы теңчилик тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө жардам берет.
"Аялдар коомдун өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошуп келет. Алардын салымы бардык тармактарда, анын ичинде көчөлөрдүн аталыштарында да чагылдырылышы керек. Экинчи жагынан, ысымдар үлгү боло алат. Жаш кыздар аялдардын ар кандай тармактарда - экономикада, саясатта, илимде активдүү иштеп жатканын көрүшү керек. Географиялык объекттерге аялдардын ысымдарын бекитүү - алардын колунан көп нерсе келерин, ар түрдүү тармактарда өзүн көрсөтө алат дегенге далил болот. Коом дагы, мамлекет дагы бардык чөйрөлөрдө аялдардын катышуусун тааныйт, кабыл алат", - деди ал.
*****
Белгилей кетсек, Kaktus.media сайты жарандардан Бишкектин дагы кайсы көчөлөрүнө аялдардын ысымын ыйгарууга болорун сурамжылаган.
Алынган жооптордун ичинен көбүрөөк аталган он ысымды тандап алдык:
- Таттыбүбү Турсунбаева - кыргыз театры менен киносунун чолпон жылдызы, эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти наамына татыган;
- Токтогон Алтыбасарова - Улуу Ата Мекендик согуш маалында курчоого алынган Ленинграддан Кыргызстанга 16 миңге жакын адам эвакуацияланып, анын ичинде 150 баланы камкордугуна алып, эне катары баккан;
- Күлүйпа Кондучалова - 27 жашында Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп шайланып, эки жылдан кийин төраганын орун басары кызматын аркалап, 1953-жылы Министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары болгон. Ошол эле маалда Кыргыз ССРинин тышкы иштер министринин милдетин да аткарган. 1958-жылдан тарта Кыргыз ССРинин маданият министри болуп, 1980-жылга чейин министрликти жетектеген;
- Ольга Мануйлова - көрүнүктүү сүрөтчү жана скульптор, Кыргызстандын скульптура тармагына, улуттук маданияттын өсүүсүнө эбегейсиз салым кошкон;
- Айша Түмөнбаева (Карасаева) - кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү, актриса, белгилүү окумуштуу Кусеин Карасаевдин жубайы. Ал актрисалык өнөрүн таштап, стенография жана машинка боюнча курстарды бүтүрүп, педагогикалык институтта сабак берген. Кыргыз тилинин стенографиясы боюнча окуу китебин чыгарган, Кусейин Карасаевдин бардык илимий эмгектеринин редактору болгон;
- Лидия Ильина - кыргыз графикасынын негиздөөчүсү, графикалык искусство боюнча таанылган чебер, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү;
- Евдокия Пасько - советтик аскердик учкуч, 46-гвардиялык түнкү бомбалоочу авиация полкунун штурманы, Советтер Союзунун Баатыры;
- Бурулай - 19 жашында ала качуунун курмандыгы болгон;
- Адинай Мырзабекова - 21 жашында коронавирус пандемиясы учурунда убактылуу ачылган стационарда ыктыярчы медайым болуп иштеген. Башка адамдарды ажалдан арачалап калам деп өзүн унутуп иштеп жатып, иш учурунда каза болгон;
- Апам көчөсү - бардык энелердин урматына арналган көчө.
ББишкектин көчөлөрүнө кайсы аялдын ысымы ыйгарылышы керек деп ойлойсуз? Комментарийге жазыңыз.
Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Kaktus.media басылманын мазмуну үчүн жооптуу, ал USAIDдин же АКШ өкмөтүнүн көз карашын чагылдырбайт.