Жумушчу топ кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты
2393
Топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты. Бул туурасында Министрлер кабинетинен кабарлашат.
Жетишилген макулдашууга ылайык, ушул жылдын 3-октябрынан 8-октябрына чейин Баткен облусунун Баткен шаарында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу өттү.Анда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 43,32 чакырымы боюнча макулдашты.
Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактар боюнча ишти улантышат.
Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/14681