"Эмнеге кыргыз эркектери энелерге каршы чыктыңар?". Юрист "матроним" чыры тууралуу
3-октябрда президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" конституциялык Мыйзамга өзгөртүү киргизди.
Буга чейин Жогорку Кеңеште депутаттар эки окууда тең талкуулабай эле мыйзам долбоорун колдоп берип коюшкан.
"Депутаттар өзүлөрү жазган мыйзамды сыйлабайт"
"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова kaktus.kg редакциясына комментарий берип, эл өкүлдөрү өзү жазган мыйзамды сыйлабай, регламенттин тартибин одоно бузганын айтты.
"Бул Жогорку Кеңештин регламент тартибин одоно бузуу болуп саналат. Керек болсо, жөнөкөй мыйзам тууралуу сөз болуп жатканда талкуудагы убакыттар өз тартиби менен болушу керек. Ал эми сөз - Конституциялык сот жана Конституциялык сот жөнүндө мыйзам тууралуу болуп жатканда - депутаттар эң биринчи тартипти сактоого чакырууга, талап коюга тийиш эле. Бирок, биздин азыркы депутаттар бир учурда, талкуусуз эки окууда макулдук берип коюшту.
Негизи, ар бир окуунун ортосундагы талкууга 10 күндөн кем эмес убакыт берилет. Эл өкүлдөрү ошол тартипти сактоого тийиш эле.
Бул эң жаман көрүнүш. Депутаттар өзүлөрү мыйзамды сыйлабаса, "мыйзамды сыйла" деп кимге талап кое алат?", - деди юрист.
"Депуттардын көбү мыйзамдарды окушпайт. Окуса да жакшы түшүнө беришпейт"
Жакупова Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги башка кызматтарга караганда бир топ жогору деп белгилейт. Себеби ЖКда мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө функциясы бар.
"Эң өкүнүчтүүсү ЖКнын азыркы курамында көп депутат мыйзам окубайт, окуса да туура эмес түшүнгөндөр же такыр түшүнбөгөндөр бар.
Президенттик башкарууну тандап алганыбыз менен, өлкөнүн эң негизги жүзү - президент. Ал депутаттар регламентти бузуп, кабыл алган мыйзамды кайра артка кайтарып, тартип менен мыйзам долбоорун окуудан өткөрүүнү тапшырыш керек эле.
Биз муну менен эл аралык нормаларды эле эмес, өз Баш мыйзамыбызды сыйлабай, сактабай жатканыбызды далилдедик. Азыр күндө болбосо дагы, эки күндүн биринде мыйзам бузулуп жатат", - деди экс-депутат.
Бул мыйзам эмнеден улам сунушталды?
3-июлда Конституциялык сот Кыргызстанда 18 жашка толгон балдарга энесинин атына (матроним) катталууга жол ачкан чечим чыгарган. Ал коомдо чоң талкуу жаратып, бийлик башындагы бир топ адамдар бул чечимге каршы чыгышкан.
ЖК төрагасы Нурлан Шакиев Конституциялык соттун төрагасынын жана бүт курамынын кызматтан кетишин талап кылган. Андан соң долбоор даярдалып, аны президенттик администрация демилгелеген.
Конституциялык сот 18 жашка чейинки балдарга апасынын атын берүүгө уруксат берген эмес. Бийликке бул жөн гана шылтоо болду
Конституциялык сот быйыл 30-июнда активист Алтын Капалованын "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" мыйзамдын талапка жооп бериши текшерилсин деген арызын карап, анын негизинде чечим чыгарган. Ага ылайык, бала 18 жашка чыкканда өз каалоосу менен "атасынын аты" деген графага апасынын атын жаздырууга укугу бар.
Бирок Капалова арызында балдарынын фамилиясына апасынын атын жаздырууну 18 жашка чейин эле уруксат бергиле деп жазган. Демек, Коституциялык сот анын азырын канааттандырган жок.
Бул боюнча "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси, мурунку депутат, юрист Чолпон Жакупова kaktus.kg редакциясына комментарий берип жатып, "Матроним" маселесинен бийлик пайдаланып эле, дагы диктаторлукка бет алды деп эсептеди.
"Мен чынын айтсам, башынан баштап эле бул "матроним" менен байланышкан чырдын себебин түшүнбөй жатам. Факт түрүндө Конституциялык сот (КС) активист Капалованын азырын канаттандырбай, балдарына атын 18 жашка чейин берүүгө макулдук бербесе, коом эмнеге талашып-тартышып жатат? КС баланын өзүнүн тандоосуна коюп, 18 жаштан кийин кимдин атын алат өзү билет дебедиби?
Бул жерде эч нерсе өзгөргөн жок. Мурун кандай болсо, азыр деле ошол. Болгону ар бир бала 18 жаштан кийин өзү атасынын же энесинин атын тандаса болот", - дейт ал.
Бийлик утту. Бирок, кыска мөөнөткө. Акыр аягы эл бийликти утат
Жакупова өзүнүн мисалында, мыйзам "матроним" чырына чейин эле, жаранга улутун өзү тандоого уруксат берээрин айтты.
"Мисалы: мен азыр Чолпон Жакупова эле болуп, атамдын атын жазбай койсом да болот. Керек болсо Миклухо-Маклай боло алам. Ким каршылык көргөзөт? Мыйзам уруксат берет. Кааласам паспорттон улуту дегенди алдыртып салсам болот. Буга мыйзам "матроним" чырына чейин эле улуксат берчү. Анан, биз эмнени талашып жатабыз?
Бул "матроним" чырын бийлик жөн эле шылтоо кылып, Конституциялык соттун статусун өзгөртүп алгысы келди. Муну менен бийлик КС көз каранды кылып салды.
Мейли, азыр алар КС көз каранды кылды. Азыр, бийлик утту. Бирок, кыска мөөнөткө. Себеби, мындай окуя буга чейин да болгон. Ошол учурдагы бийлик Конституциялык соттун статусун алмаштырып, Жогорку Соттун алдындагы палатага айланткан. Эми, бийлик кыска мөөнөткө элди утса да, акыр аягы бийлик элден утулат.
Конститутциялык сот - көз карандысыз болуш керек. Анын чечими акыркы болуп, биз Баш мыйзамды сыйлап, ага баш ийишибиз керек. Биз аны көз каранды кылсак, анда президенттин администрациясы өзү эле калып, башка кызматтарды жоюп салбайлыбы? Эмне кереги бар? Биз мындай аракеттер менен диктаторлукка баратабыз. Эң өкүнүчтүүсү кандай анализ жасап, мыйзамды сактайлы деп коңгуроо какканыбыз менен, элге азыркы жагдай жагып жатканы абдан өкүндүрөт", - деди Жакупова.
"Баары энелерге каршы чыгышты"
Юрист документте эненин аты, атаныкы менен чогуу жазылгандын жаман жагын көрбөйт.
"Мен сурагым келип жатат: кыргыздын эркектери ызы-чуу чыгарып, атыңарды документке түшүргөнгө мүмкүнчүлүк берүүгө макул болбогондой, энелер, силер эмне жамандык кылдыңар? Карасак, эркектер баары өз энелерине каршы чыгып жатпайбы?", -
деди ал.
Кол коюлган мыйзамга ылайык, КС чечимдерин кайра кароого арызды президент жана Конституциялык соттун төрагасы бере алат.
[bӨзгөртүүгө чейинки мыйзамдар боюнча Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналчу жана даттанууга жатпайт эле. Эми, КС чечимине президент өзгөртүү киргизе алат.
Баш мыйзамга ылайык, Конституциялык Сот конституциялык контролду жүзөөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат. Ал бардык башка бийлик бутактарынан көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына гана баш иет.