Баткендеги куралдуу жаңжалда миномёттон жаракат алган чек арачыга 3 бөлмөлүү батир берилди
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылы 16-сентябрда чек ара чырында жаракат алган чек арачы Дастан Шариповго батирдин ачкычын тапшырды. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.
Бүгүн, 19-сентябрда Камчыбек Ташиев 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда жаракаттарды алган чек ара кызматкери Дастан Шарипов менен жолугушту. Анда Ташиев Бишкек шаарындагы 3 бөлмөлүү батирдин ачкычын чек арачыга тапшырды.
Мындан сырткары УКМК төрагасы согуштук аракеттерде эрдикти жана духту көрсөткөн уулду тарбиялап өстүргөн Дастан Шариповдун ата-энесине терең ыраазычылык билдирип, өсүп келе жаткан жаш муундарга үлгү экендигин белгиледи.Маалымат иретинде: 2022-жылдын 16-сентябрында мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги атышуу учурунда Дастан Шарипов минометтун жарылуусунан жаракат алып, оң бутунун тизесинен ылдый жагынан ажыраган. Ошондой эле сол бутунан күйүк алып, денесине темирдин сыныктары кирген.
@kaktus_kg УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылы 16-сентябрда чек ара чырында жаракат алган чек арачы Дастан Шариповго батирдин ачкычын тапшырды. Бул туурасында коопсуздук комитеттин маалыматында айтылат.
♬ оригинальный звук - Kaktus_kg