Акжол, Жоламан, Айсулуу..Дүйнө биринчилигине катыша турган балбандардын тизмеси жарыяданды
Кыргызстандын күрөш боюнча (эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана грек-рим күрөшү) курама командасы 16-24-сентябрь күндөрү Белград шаарында (Сербия) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, аталган мелдеш 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн өткөрүлөт. Анда жалпы 10 салмак боюнча 90 квота ойнотулат.
16-18-сентябрь күндөрү эркин күрөш боюнча курама команда беттешет. Улуттук курама команданы улук машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу, Ислам Тазабеков жана башкы машыктыруучу Руслан Маджинов жетектейт.
Эркин күрөш боюнча курама команда:
- - 57 кг Алмаз Сманбеков;
- - 65 кг Икромжон Хаджимурадов;
- - 70 кг Эрназар Акматалиев;
- - 74 Арсалан Будажапов;
- - 86 кг Нарбек Изабеков;
- - 97 кг Каныбек Абдулхаиров.
18-21-сентябрь күндөрү кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана Билимбек Капарбековдун жетекчилиги алдында беттеш өткөрүшөт.
Кыз-келиндер күрөшу боюнча курама команда:
- - 59 кг Кальмира Билимбек кызы;
- - 62 кг Айсулуу Тыныбекова;
- - 68 кг Мээрим Жуманазарова;
- - 72 кг Нурзат Нуртаева;
- - 76 кг Айпери Медет кызы.
21-24-сентябрь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча беттештер өтөт. Улуттук курама команданы улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков,башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев жана Мейрамбек Ахмедов жетектейт.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда:
- - 60 кг Жоламан Шаршенбеков;
- - 67 кг Амантур Исмаилов;
- - 77 кг Акжол Махмудов;
- - 87 кг Азат Салидинов;
- - 97 кг Бексултан Махмудов.