Бүгүндөн баштап Бишкек-Ош унаа жолу 10 сааттан жабылып турат
"Төө-Ашуудагы" тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу жол 10 саатка чейин жабылат. Маалыматты "Кыргызавтожол" ишканасынан кабарлайт.
Маалым болгондой, 26-июлдан баштап 6-августка чейин бардык унаалар үчүн каттам чектелет.
Сосновка өткөрүү пункту тарабынан:
- Оор жүк ташуучу унаалар үчүн - түнкү саат 03:00дөн баштап 16:00гө чейин;
- Жеңил унаалар үчүн - эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабылат.
Ал эми борбор калааны көздөй - Бишкек-Ош унаа жолунун 144-чакырымынан (Суусамыр өрөөнү):
- Оор жүк ташуучу унаалар үчүн - эртең менен 05:00дөн баштап 16:00гө чейин;
- Жеңил унаалар үчүн - эртең мененки саат 06:00дөн баштап 16:00гө чейин жабык болот.
Бул күндөрү тоннелдин 2510 метр жолу толугу менен асфальтталат. Убактылуу жаралган ыңгайсыздыкка түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.
Белгилей кетсек, тоннель 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн. Бүгүнкү күнгө дейре тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо процесси аяктап, тоннелдин бетон плиталарын алмаштыруу жумуштары жана эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрдү.