Дүйнөлүк сүрөтчүлөр уюмунун мүчөлөрү Кыргызстандын 500дөн ашык жерлерин сүрөткө түшүрдү
Кыргыз Республикасынын туризм дараметин дүйнө жүзүнө жайылтуу үчүн 56 фотограф-сүрөтчү иш алып барды. Туризм департаментинен билдиришкендей, 15-июлдан 22-июлга чейин дүйнөлүк сүрөтчүлөр уюмунун мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын аймактарынын кыдырып, сүрөткө тартышты.
Жалпы 8 күн аралыгында алар "Кырчын", "Суусамыр" жайлоосу жана "Бурана" мунарасы сыяктуу тарыхый жайлар менен биргеликте кыргыздардын көчмөн жашоосун чагылдырышкан. Иран, Кувейт, АКШ, Германия, Греция сыяктуу 19 өлкөдөн жалпы 56 сүрөтчү-фотограф келишкен. Сүрөтчүлөр саякаттоо учурунда Кыргызстандын 500дөн ашык ажайып кооз жерлерин сүрөткө түшүргөн жана ал сүрөттөр туристтердин саякаттоо кызыгуусун арттыруу максатында дүйнөнүн булуң-бурчуна таратылаарын маалымдашкан.
Сүрөтчүлөр менен Туризм департаментинин директору С. Шатманов дүйнөлүк жолугушуп, конокторго жасаган эмгектери үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүдө жасалып жаткан иш-аракеттер тууралу айтып берди.Ошондой эле, туристтик маркетингдик иш-чараларды өткөрүүдө мындан ары да тыгыз кызматташууга чакырды.