Кургак учукту кантип жеңүүгө болот?
Кыргызстанда жыл сайын кургак учуктун 5 миңден ашуун жаңы учуру катталып турат. Бул көрсөткүч өлкөдөгү калктын санына карата алганда абдан жогору болуп эсептелет. Мындай кырдаал эпидемиологдордун көңүлүн бурууда.
Балдар коркунучта
Кургак учук – жугуштуу оору, аны кургак учуктун микобактериясы же Кох таякчасы козгойт. Оору кургак учукка каршы дары ичпеген оорулуу адам менен сүйлөшкөндө, ал жөтөлгөндө, чүчкүргөндө аба тамчылары аркылуу жугат.
Жыл сайын 700гө жакын бала жана өспүрүмдөр бул ооруга чалдыгат. Жыл сайын болжол менен 100 адамды дарыгерлер бул коркунучтуу оорудан сактап кала албай калышат. Мындай маалыматтарды Саламаттыкты сактоо министрлиги берди. Балдар үчүн кургак учук дагы бир жагы менен коркунучтуу – мында оору өтө оор формасына өтүшүп кетип, менингит жана кургак учуктун жайылган формасы тез өнүгөт. Менингитти жана илдеттин жайылган формасын өтө тездик менен дарылабаса, оорулуу аман калбайт.
Социалдык оору
Кыргызстанда кургак учук оорусунун көп катталуусун эмне менен түшүндүрсө болот? Бул көрүнүштүн себептери социалдык мүнөзгө ээ. Буга калктын социалдык-экономикалык жашоо деңгээлинин төмөндүгү, мунун натыйжасында начар тамактануусу себеп. Бул оору иммунитети чабал адамдар үчүн өтө коркунучтуу. Ошондуктан стандарттуу сунуштарды беребиз: жакшы тамактанып, сергек жашоо образын жүргүзүп, жыл сайын текшерүүдөн өтүүгө аракет кылып, кандайдыр бир белгилер пайда болсо, дарыгерге өз убагында кайрылыш керек. Бирок өлкөнүн жашоочуларында бул сунуштарды аткарууга дайыма эле мүмкүнчүлүгү, ал тургай каалоосу да боло бербейт. Калктын системага салынбаган ички миграциясы – башка аймакка көчкөндөн кийин медициналык кызмат көрсөтүүнү колдоно албаганы да өз салымын кошууда. Кургак учукка чалдыгуунун жогорку көрсөткүчтөрүнө дагы бир нече фактор таасир этүүдө: оорулууларды аныктоо иштери начар жүрүүдө, илдетти жуктуруп алгандар жеке гигиена эрежелерин этибарга алышпайт жана дарыгерге кеч кайрылышат.
Кургак учуктун микобактериясы айрым жерлерде алты айга чейин жашай алат. Ошондуктан этият болуп, колду жакшылап жууп, гигиенаны сактоо менен ар бир дени сак адамга баа жеткис жардам берген болот. Оору коркунучтуу, аны дарылоо өтө оор, узак мөөнөттү талап кылат жана дайыма эле ийгиликтүү боло бербейт. Бул оорунун организмге тийгизген зыяны өтө жогору. Кургак учуктун жайылышын токтотуу үчүн Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балдарга бул оорудан эмдөө жүргүзүлүүдө.
Эмдөө оорунун өтө оор кесепеттеринен коргойт
Кургак учукка каршы эмдөө (БЦЖ) эмделген балдардын 85% үчүн кургак учук менингитинен жана жайылган формасынан коргоого мүмкүндүк берет. Инфекцияны жуктуруп алган учурда да кесепеттери оор болбой, көп кыйналбай айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Кыргызстанда профилактикалык эмдөө календарынын алкагында БЦЖ вакцинасы бардык дени сак төрөлгөн балдарга төрөт үйүндө жаткан учурда сайылат.
Кургак учукка каршы вакцина (БЦЖ) дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө таанылган. Ал 64 өлкөдө милдеттүү сайылат, ал эми 118 өлкөдө расмий сунушталган.
BCG же Bacillus Calmette-Guerin вакцинасы аны ойлоп тапкан микробиолог Кальметтин жана ветеринар Герендин ысымдарынан улам ушинтип аталып калган. Вакцина адамда ооруну пайда кыла албаган, бирок кургак учукка каршы иммунитетти пайда кылуу үчүн зарыл болгон өзгөчөлүгү бар бука тибиндеги кургак учуктун микобактерияларынын алсыратылган маданиятынан даярдалган. Вакцинанын курамында антигендин саны аз (ал коопсуз). Анын негизги милдети – организмдин иммундук реакциясын ишке киргизип, ооруга каршы иммунитетти пайда кылуу.
Кургак учукка каршы эмдөөнүн натыйжалуулугу бир катар эпидемиологиялык көрсөткүчтөр оңолгондо гана белгилүү болот. Вакцина алгандардын арасында кургак учук менен ооругандардын саны 5-10 эсе төмөндөп, өлүмдүн саны азайып, калк ичинде инфекцияны жуктуруп алуу көрсөткүчү түшөт.
БЦЖ вакцинасы адамды кургак учуктун микобактериясын жуктуруп алуудан сактай албайт. Бирок ал бул оорунун кыйратуучу зыянына каршы турат.
Эгерде кургак учукка каршы эмделген балдар ооруп калса, анда алар кургак учуктун чакан түрлөрү менен оорушат, оору жеңил формада өтүп, эреже катары, клиникалык белгилери болбойт. Чоңдор үчүн да бул алгоритм иштейт.
Эмдөөдөн баш тартуу чечим эмес!
2022-жылы Кыргызстан боюнча кургак учукка каршы эмдөө өтө жогору болду. Ошого карабастан профилактикалык эмдөөлөрдөн баш тартуунун белгилүү бир пайызы бар. Вакцинадан баш тарткандар келтирген негизги жүйөлөрдүн бири – алар вакцинаны алгандан кийин олуттуу терс таасиринен коркуп, вакциналардын коопсуздугуна ишенишпейт.
Ошол эле учурда БЦЖ эң ишенимдүү жана көптөн бери колдонулуп келе жаткан вакциналардын бири. Ал коопсуз жана натыйжалуу. Жаш ата-энени кооптондурган айрым өзгөчөлүктөр бир нерсени далилдеп турат: организмде кургак учукка каршы иммунитет түзүлгөндүктөн вакцинадан кийин балада ушундай реакция болот.
Баланын ата-энеси бир нерсени сөзсүз билиши керек: эмдөөдөн соң 4-6 жумадан кийин кадимки эмдөө реакциясы көрүнөт. Вакцина сайылган жерде диаметри 5-10 мм болгон папула пайда болот. Убакыттын өтүшү менен папуланын борборунда пустула (исиркек), андан кийин кабык пайда болот. Болжол менен 4-5 айдын ичинде кабык кургап, өзүнөн өзү түшүп калат жана бул жерде кызгылт түстөгү тырык пайда болуп, ал акырындык менен агарып, тыгыздалып калат.
Демек, организмде вакцинага жооп катары реакция жүрүп, белгилүү бир сандагы иммундук клеткалар пайда болду дегенди билдирет. Организмге инфекция киргенде, бул клеткалар аны таанып, организмге инфекция менен күрөшүүгө жардам беришет. Эмдөөдөн кийин реакция жүрүп жаткан маалда бул процесске аралашып, вакцина сайылган жерге май жана йод сүйкөп кийлигишпеш керек.
БЦЖ вакцинасына терс реакциялар да болот, бирок алар баланын өмүрүнө коркунуч келтирбейт. Ар бир ымыркайдын организми ар башкача, ошондуктан кээ бир балдарда вакцина сайылган жердин жанында – колтуктун алдында, акыректин жанында, моюндун сол тарабында лимфа бездери шишиши мүмкүн.
Эгерде лимфа бездеринин диаметри 1 сантиметрден ашпаса, анда бул кадыресе көрүнүш. Эгерде көлөмү 1 сантиметрден ашса, анда баланы дарыгерге көрсөтүү керек. Эмдөөдөн кийин эң көп кездешкен көрүнүш – бул лимфадениттер, алар жеңил өтөт, оңой эле дарыласа болот.
Кандай болгон күндө да, вакцинанын коргоосу биздин өлкөдө кургак учукту жеңүүгө мүмкүндүк берет. Балдарды жана чоңдорду коркунучтуу жана кесепеттери оор оорудан коргоого болот. Демек, ар бир ата-эне баласын эмдөө жөнүндө чечим кабыл алууда ушуну баамдай алышы керек.