Таттуубүбү Эргешбаева парламентте президенттик аппаратка жакын депутаттар көп деп эсептейт
Октябрь окуяларынан кийин юрист катары коомчулукта тааныла баштаган Таттуубүбү Эргешбаева kaktus.kg редакциясынын "Саясат эле эмес" рубрикасынын кезектеги коногу. Ал өзү кандай үй-бүлөдө төрөлгөн, бала-чагы, өзүнүн баласы тууралуу маек берди.
Маектин башкы бөлүктөрү менен ссылканы басып таанышсаңыз болот
-Азыркы биздин парламентарийлер боюнча пикириңиз кандай? Азыр алардын өзүн-өзү эркин алуусу, ойлорун эркин билдирүүсү мурункудан айырмаланабы?
- Эми, бардык нерсе Конституциялык режим кантип иштесе, ошого карата аткарылат. Бүгүнкү күндө парламент мурунку 5-6-чакырылыштагы депутаттарга окшоп иштөөгө мыйзамдык механизмдер жок бербейт. Эмнеге дегенде, мурда парламент аткаруу бийлигинин өкүлдөрүн түзчү. Ал эми бүгүнкү күнү Министрлер кабинетин түзүүгө сунуш гана берүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бардык чечимди президент кабыл алат.
Экинчиден, мамлекеттик бюджетти аныкташ үчүн, мамлекттик бюджеттин бир жылдын отчетун кабыл алыш үчүн Жогорку Кеңештин номиналдуу түрдө гана катышуусу бар. Толук чечимди президент кабыл алат. Ошондуктан парламентте өкүлчүлүк, мыйзам кабыл алуучулук жана котролдук функциялары калды. Ошол функцияларын парламент аткарганга аракет кылып жатат.
Бирок, өзгөчөлүктөр бар. Эң башында парламент түзүлүп жатканда президенттин администрациясына жакыныраак кадрлар парламентте көбүрөөк көрсөтүлгөн. Ошондуктан көптөгөн чечимдер Президенттик администрациянын позициясына жакын түзүлөт. Колдоо табат.
Башкача ойлор менен жүргөн эл өкүлдөрү дагы бар. Бирок алар аз.
***
Комитеттер алдында ачылган жумушчу топторго эксперт катары иштөөгө укук бар. Мен ошол укукту пайдаланып көз карадысыз экспертизаларды жүргүзүп келе жатам.
Акыркы эле "Чет өлкөлүк өкүл" мыйзам болбоору боюнча мен өзүмдүн экспертизамды көрсөткөм. Кээ бир депутаттар демилгечилердин катарына кирип, андан азыр чыгып жатышат.
- Депутаттар сиздин анализден кийин ал мыйзам долбооруна демилгечи болуудан баш тартып жатышабы?
- Жок. Ал бир гана менин экспертизама тиешелүү эмес. Негизи, Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө. Ошондуктан, бизде дүйнө жүзүндө көптөгөн маселелер болуп жатат. Мисалы: бул Украинадагы согуш - биздин регионго өзүнүн чоң таасирин берет.
Экинчиден Кыргызстан Бул жакшы транзиттик коридор. Негизи Борбор Азия дүйнөлүк процесстерде чоң функцияны аткарат. Ошол жерде геосаясий өлкөлөр бар. Алардын таасиринен качып кутула албайсың. Аларга маселен: Россия, АКШ, Кытай сыяктуу державалар кирет. Борбор Азия уникалдуу болгондуктан ар кандай геосаясий таасирлер тийип жатат.
"Чет өлкөлүк өкүл" маселесинде дүйнөдө болуп жаткан процессте Кыргызстан өзүнүн жолун тандап жатат. Кээ бир топ: Биз дагы Россиянын жолу менен барышыбыз керек деп жатышат. Себеби, билсеңиздер 2012-жылы Россияда "Чет өлкөлүк агент" деген мыйзам кабыл алынып, көптөгөн инттелегенция Федерациядан чыгып кеткен. Андан сырткары, көптөгөн чет элден келген акчаларга жол жабылган. Биринчи топ мына ушул Россиянын жолу менен баралы деп жатат.
Ал эми экинчи топ: Жок. Россия чоң геосаясий өлкө. Ал эми Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкө. Биздин өзүбүздүн жолубуз бар. Биз мобилдүү жана көп векторлуу жол менен тышкы саясатты жүргүзүп алдыга жылалы деп жатабыз.
- Бул мыйзам долбоору ага кандай таасир этет?
- "Чет өлкөлүк өкүл" деген мыйзам долбоорунун өтө чоң таасири бар. Себеби, документте саясий ишмердүүлүк деген термин кирип жатат. Ошол темирге карата көптөгөн Кыргызстанга киргизилген, ратификациядан өткөн, эл аралык келишимдер бар. Ошол эл аралык келишимдерге карата бизде эле, жарандык коом, саясий, жарандык, экономикалык процесстерге катышып, өз оюн билдирип, андан сырткары бийликтен отчет алууга укугу бар дейт. Бул добоор ошол терминди киргизүү менен коомдун жарандык жана саясий функцияларын чектеп коюп жатат.
Биз бул мыйзам Конституцияга дал келбейт деп айтып жатабыз. Демек, Баш мыйзамга туура келбесе, улуттук коопсуздукка да дал келбейт.
Маектин уландысы бар