"Кайрылман" макамын "улутташ" деп өзгөртүү сунушталды
Бишкекте этникалык кыргыздардын маселелерин талкуулаган "Этно кеңеш-2023" аталышындагы жыйын өттү. Иш-чарада этникалык кыргыздарга жер берүү маселеси, жарандык алуу, билим алуу, жумушка орношуу, этникалык кыргыздардын Кыргызстанга келгенден кийин пенсияга чыгуусу, пенсия алуусу сыяктуу бир топ маселелер талкууланды.
Аталган жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин жаштар саясаты боюнча орун басары Марат Тагаев, маданият министринин этностор аралык мамилелер боюнча орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын маданият жана билим берүү боюнча эксперти Айнагүл Чолова жана кытайлык, тажикстандык, өзбекстандык, түркиялык кыргыздардын өкүлдөрү катышты.
Этностан маданий борборунун негиздөөчүсү Каныбек Толкун уулу коомдук бирикменин ишмердиги жана максаты менен тааныштырып, "кайрылман" макамын "улутташ" күбөлүгүнө алмаштыруу сунушун да көтөрдү.
"Президенттибиз Садыр Жапаров депутат кезинде сунуштап, "кайрылман" макамын алуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун ишке ашырган эле. Азыр көпчүлүгүбүз ушул долбоордун негизинде кайрылман күбөлүгүн алып, анын артынан жарандык алып, бул жакта жашап келе жатабыз. Бирок кайрылман күбөлүгү аталыш жагынан биздин арабызда көп суроо жаратууда. Себеби, "кайрылман" деген сөз мурда Кыргызстандан кетип, кийин кайра кайтып келген деген маанини туюнтат экен. Бул жерге келген кыргыздардын бардыгы - кыргыздардын тарыхий мекенинен экинчи тарыхий мекенине келгендер болуп саналат. Ошондуктан "улутташ" деген сөзгө өзгөртсө дагы жакшы болот эле", - деди Каныбек Толкун уулу.
Өз учурунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кеңешмеде көтөрүлгөн маселелердин чечилүүсүнө болгон аракетин жумшарын айтты. Ал Кыргыз өкмөтүнүн этникалык кыргыздарга карата долбоорлору тууралуу тааныштырып, боордош туугандардын маселелери эч качан четте калбай турганын, улутташтар жашаган өлкөлөр менен эки жактуу пайдалуу, маанилүү келишимдерди түзүүгө, мамилелерди курууга жана жакшыртууга аракеттер көрүлүп жатканын, ал иш мындан ары да улана берерин билдирди.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 2022-жылы башка өлкөлөрдө жашаган 507 этникалык кыргызга "кайрылман" макамы берилип, Кыргызстандын паспорту тапшырылган. Мунун 338и тажикстандык кыргыздар, 151и өзбекстандык кыргыздар, алтоо Кытайдан жана он чактысы Афганистандан келген кыргыздар.
Учурда расмий маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда 300 миңден ашуун, Тажикстанда 55 минге жакын этникалык кыргыздар жашайт.