Республика боюнча 94 тонна кара куурай жок кылынды
2397
Кыргызстандын аймагында бир айдын ичинде 94 тоннадан ашык кара куурай жок кылынды. Маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.
2023-жылдын июль айында "Мак-2023" операциясынын алкагында "Кара куурай" аталышындагы иш-чаранын биринчи этабы өттү. Ага 1231 адамдан турган 71 бригада түзүлгөн.
- Бишкек шаары боюнча - 2,3 га жерден 3 тонна 420 кг;
- Чүй облусу боюнча 8,5 га жерден 7 тонна 400 кг,;
- Ысык-Көл облусу боюнча 114 га жерден 38 тонна 727 кг;
- Талас облусу боюнча 0,5 га жерден 1 тонна;
- Жалал-Абад облусу боюнча 428,8 га жерден 25 тонна 500 кг;
- Ош облусу боюнча 9,5 га жерден 8 тонна 675 кг;
- Баткен облусу боюнча 28,5 га жерден 9 тонна 300 кг.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/13406