Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балык уулоого тыюу салынды
Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизилди. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясы кабарлады.
Мораторийдин максаты - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбалык көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү.
Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жана "Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 8-беренеси жетекчиликке алынып, токтом кылынат:
1. Балыкты төмөнкү максаттар үчүн уулоону кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө жашаган балыктардын бардык түрлөрүн өндүрмөлүк кармоого, ташууга, сатууга, сактоого, сатып алууга жана ташып чыгууга үч жылга убактылуу тыюу салуу (мораторий) жарыялансын:
- ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруу жана өткөрүү;
- балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча бекитилген ар жылдагы пландык иштерди жүргүзүү;
- илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторинг жүргүзүү.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине:
- Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн, анын ичинде аквакультура чөйрөсүндөгү колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.