Салык кызматынын лотереясында унааларды жана Дубайга саякаттарды кимдер утту
1-июлда, Ала-Тоо аянтында Мамлекеттик салык кызматынын "Чекти талап кыл – байге утуп ал!" лотереясынын жаңы тиражы ойнотулду. Түз эфирде баалуу сыйлыктардын ээлери аныкталды.
Жеңүүчүлөр сандарды кокус тандоо жолу менен аныкталды. Эки кишилик чет өлкөгө эм алуу путёвканы үчөө жеңип алышты: Абдуллаев Улугбек Кучкарович, Насиров Азат Жолдошбаевич жана Жаныбек кызы Алтынай.
Он адам жапжаңы электромобилдердин ээлери болушту, алар: Султанбекова Назира Тологоновна, Матмусаев Уланбек Кубанычбекович, Сарымсаков Улан Алымбекович, Осмоналиева Марина Георгиевна, Азималиев Руслан Алмазбекович, Акматова Умут Сулаймановна, Асанбекова Асель, Кадыркулов Даулет Саматович, Кахарова Чынара Кахаровна и Мамутова Зарина Рахимовна.
Белгилей кетчү нерсе, бардык жеңүүчүлөр лотереянын шарттарына ылайык келүүсү боюнча кошумча текшерүүдөн өтүшөт, комиссиянын акыркы чечиминен кийин аларга байгелер ыйгарылат.
Башкы сүрөт: иллюстрациялык