Кыргызстандыктар катышкан Россиядагы автокырсыктын чоо-жайы айтылды
Россияда кыргыз жарандарынын катышуусундагы автокырсык боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат таратты.
Аталган ведомствонун маалыматына ылайык, 27-июнга караган түнү Москва убактысы боюнча саат 00:05те Honda (минивэн) жана Hyundai унаалары А-300 федералдык маанидеги жолдун 110-чакырымында (Кобзевка аймагында) кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен каза болгондор:
- Кыргызстандын эки жараны - аял жана эркек, (1992 жана 1979-жылы туулган);
- Өзбекстандын төрт жараны.
Андан тышкары 7 эркек (1988, 1990, 1993, 1993, 1994, 1996, 2003-жылы туулган) жаракат алышып, ооруканага түштү.
Учурда жол кырсыгынын себептери укук коргоо органдары тарабынан такталууда.
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги жаракат алган мекендештерге консулдук-укуктук жардам берип, каза болгондордун сөөгүн мекенге жиберүү боюнча иштерди уюштурууну колго алганы белгилүү болду.
Башкы беттеги сүрөт видеодон алынган кадр: SHOT Телеграм-каналы.