Президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов Жерүй кенине барды
RU

Президенттин Талас облусундагы өкүлү Нурлан Дарданов Жерүй кенине барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Жерүй кенине барды. Кенди иштетип жаткан "Альянс Алтын" компаниясы тарабынан аткарылып жаткан иштерди жеринде көрүп, жакындан таанышты. Облус башчысын кенде иштеген жумушчу күчү, түзүлгөн шарттар жана экологиялык коопсуздук боюнча бүгүнкү абал кызыктырды.

Жерүй кениндеги Талас алтын кен комбинатынын, алтын ылгоочу фабрикасы, өндүрүштөн чыккан калдыктардын сакталуучу жайы менен таанышкан облус башчысы "Альянс Алтын" компаниясынын ишмердүүлүгүнүн артында облуска ири суммадагы каражаттар бөлүнүп, бир катар долбоорлор ишке ашып жатканын айтып, эми жакын арада облустагы өнүктүрүү фонддору, президенттин иш башкармалыгы жана мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте Таласта ипотекалык негизде көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча маселе каралып жатканын билдирди.

Талас облусунда Жерүй алтын кени иштеп баштагандан тартып Талас облустук, Талас райондук, Бекмолдо айыл өкмөттүк өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражаттын эсебинен бүгүнкү күнгө чейин 875 миллион сомдон ашык каражат которулган.

Облус башчысын экологиялык маселе кызыктырып, калдык сактоочу жайдын абалы менен дагы таанышып чыкты. Компания өндүрүштөн чыккан калдыктарды кайра иштетүүгө аракет көрүп КРнын улуттук илимдер академиясы менен иштешип жатканын, азыр илимий изилдөөлөрдүн акыркы этаптары калганын билдирди. Окумуштуулардын изилдөөсү оң натыйжа бере турган болсо анда өндүрүштүн калдыктарынан курулуш материалдарын жасоого болору айтылды.

Талас алтын кен комбинатынын башка фабрикалардан өзгөчөлүгү - өндүрүштөн чыккан калдыктар 20 пайыздагы нымдуулук менен чыгарылып, эң коопсуз деп эсептелине турганын компания билдирип келет.

"Альянс Алтын" компаниясы кенди иштетүүдө экологиялык коопсуздукту камсыздоону башкы орунга койгон. Андыктан экология боюнча көзөмөлдү компаниянын өзүндөгү экологдор, жеке менчик коомдор жана ошондой эле мамлекеттик мекемелер дагы көзөмөл кылышат. Кендин аймагына облус башчысы менен бирге Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекназар Ашымов дагы барды.

"Биз ар дайым кендин аймагындагы экологияга көзөмөл кылып турабыз. Ар дайым бул жакка чектеш жайгашкан айылдардын суусуна, абасына текшерүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Айрыкча жаз мезгилинде өзөндөрдүн суулары кирген маалда бардык эле агын суулар кирдейт. Биз аны дагы текшерип туруп, табыгий көрүнүш экенин жергиликтүү тургундарга да жеткирип турабыз", - деди Ашымов.

Эске сала кетсек, жалпы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында компания иш жүргүзгөн сегиз жылдын аралыгында экологияга терс таасирин тийгизген көрүнүштөр катталган эмес.

Облус башчысына кен тууралуу бардык маалыматтарды компаниянын кызматкерлери айтып беришти.

  • Учурда "Альянс Алтын" компаниясында 839 адам эмгектенсе, жалпы кендин аймагында 1400дөй адам иш менен камсыз болушкан. Кызматкерлердин басымдуу бөлүгү Талас облусунун тургундары.
  • Компания 2021-жылдын март айында алтынды өндүрүп баштаган.
  • "Альянс Алтын" ЖЧКсы түзүлгөндөн тартып 2023-жылдын июнь айына карата мамлекетке 12 миллиард сомго жакын каражат которгон. Анын ичинде өндүрүлгөн продукцияны сатуудан түшкөн каражаттын суммасы 8 миллиард сомду түздү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/12904