Садыр Жапаров менен Катар эмиринин расмий жолугушуусу болду. Салтанаттан сүрөттөр
Бүгүн, 7-июнда Бишкекте президент Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Катар эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Маалым болгондой, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Катардын мамлекеттик желектери илинип, ардактуу кароол тизилип, килемдер төшөлдү.
Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин, эки мамлекеттин гимндери жаңырды. Ардактуу кароолдун ротасынын командиринин рапортунан кийин мамлекет башчылар эки тараптын делегаттар менен учурашышты.
Жапаров жана Аль Тани өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышкан соң мамлекет башчыларынын алдынан ардактуу кароолдор өтүштү.
Чогуу сүрөткө түшкөндөн кийин өлкө лидерлери тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн залга өтүштү, деп айтылат маалыматта.