"Айыл Банк" жеке, финансы секторлорун колдоого алууда лидер болуп саналат
Төмөндө долбоор боюнча бүтүндөй берилген суммалар жана "Айыл Банк" ААКысы тарабынан берилген суммалар чагылдырылган:
Банктын аталышы | Бардыгы болуп өздөштүрүлгөнү | Берилген КФП саны (1- категория) | Берилген КФП саны (2- категория) | Берилген КФПнын жалпы саны | КПФнын берилген суммаларынан салыштырма салмагы | Берилген (саны) КПФдан салыштырма салмак (%) |
---|---|---|---|---|---|---|
(сом) | ||||||
Айыл Банк | 1342384539 | 2 348 | 56 | 2 404 | 38,62% | 39,01% |
Калган 11 коммерциялык банк | 2 133 474 279 | 3 134 | 624 | 3758 | 61,38% | 60,99% |
Жыйынтыгында, долбоор боюнча | 3475858818 | 5 482 | 680 | 6 162 | 100% | 100% |
Жогорудагы таблицада көрүнүп тургандай, аталган долбоордун алкагында өлкөнүн 6162 майда, чакан жана орто ишкерлерге 3,48 млрд сом берилген, анын ичинде 2 404 ишкерге 1,34 млрд сом "Айыл Банк" аркылуу сунушталган. Демек, жалпы берилген сумманын ичинен "Айыл Банктын" салыштырма салмагы 38,62 пайыздан көбүрөк, саны боюнча 39,01 пайызды түзгөн.
2023-жылдын 26-майына карата донорлор боюнча берилген КПФ:
Тилкелердин аталышы | Алынганы | Өздөштүрүлгөн КПФ | Саны | Калдык, сумма |
---|---|---|---|---|
Дүйнөлүк банк каражаттары (1- категория) | 1 241 416 539 | 1 243 597 539,37 | 2 348 | -2 181 000 |
АИИБ каражаттары (2- категория) | 121 950 000 | 98 787 000,00 | 56 | 23 163 000 |
Жалпы жыйынтык | 1 363 366 539 | 1 342 384 539,37 | 2 404 | 20 982 000 |
2-таблицада көрүнүп тургандай, Дүйнөлүк банктан алынган 1 241 416 539 сом суммасындагы каражаттар толугу менен өздөштүрүлгөн. 2023-жылдын март айынан тартып Дүйнөлүк банк каржылоону токтоткондугуна байланыштуу банк тарабынан банктын өздүк каражатынан 2 181 000 сом берилген.
Бул жерде "Айыл Банктын" эсебинен берилген 2 181 000 сом суммасындагы КПФ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан кайтарылып бериле электигин жана 2023-жылдын 1-чейрегинде айкын берилген каражат суммасынан 3% өлчөмүндө агенттик кызмат көрсөтүү үчүн сый акы да төлөнө электигин белгилеп кетүү зарыл.
АИИБнын каражаттарынын эсебинен 2-категория боюнча 2023-жылдын май-июнь айларында төлөп берүү үчүн акыркы ирет 2023-жылдын 23-майында банк тарабынан 20 млн сом алынган. Учурда алынган каражат өздөштүрүлүп жатат.
2023-жылдын 26-майына карата областтар боюнча КПФнын берилиши:
Облустар | КПФ суммасы | КПФ саны | КПФ суммасы, % | КПФ саны, % |
---|---|---|---|---|
Бишкек шаары | 83 788 000 | 115 | 6,24% | 4,78% |
Чүй облусу | 152 253 939 | 252 | 11,34% | 10,48% |
Ысык-Көл облусу | 161 285 600 | 275 | 12,01% | 11,44% |
Ош облусу | 213 880 000 | 436 | 15,93% | 18,14% |
Жалал-Абад облусу | 275 530 000 | 480 | 20,53% | 19,97% |
Талас облусу | 84 220 000 | 112 | 6,27% | 4,66% |
Нарын облусу | 173 617 000 | 418 | 12,93% | 17,39% |
Баткен облусу | 197 810 000 | 316 | 14,74% | 13,14% |
Жалпы жыйынтык | 1 342 384 539 | 2 404 | 100% | 100% |
Облустар боюнча алынган көрсөткүчтөргө ылайык, 2023-жылдын 26-майына карата берилген сумма боюнча эң чоң салыштырма айырма Жалал-Абад облусу (20,53%), андан ары Ош облусу (15,19%) жана Баткен (14,74%) облусу ээлейт.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин отурумунда депутат Жанар Акаев ишкерлердин "Жеке жана финансы секторун дароо колдоо" долбоору боюнча пайызсыз кредиттерди алуусуна Кыргызстандын банктары тоскоолдук жаратып жатканын билдирген. Ушундан улам "Айыл Банк" ААКысы ишти долбоордун алкагында жүзөгө ашырып жаткандыгын жана финансылык жардам алууга эч кандай тоскоолдук жоктугун билдирет. Пайызсыз ссуда алуу үчүн талап кылынган документтер топтомун кароого сунуштоо гана жетиштүү.