Каракол-Эңилчек жолу кар көчкүдөн тазаланды
1506
24-май күнү Каракол-Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылган. Бүгүн, 25-майга карата Ак-Суу районунун №11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жол кар көчкүдөн тазаланып, каттам эки тараптуу ачылды. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, 24-майда саат 3:30да аталган унаа жолдун 76-85-чакырымында жалпысынан 96651 м3 кар көчкү жүрүп, анын 9679 м3 жолго түшкөн. Тазалоо иштерине жалпысынан жергиликтүү ЖТИден 2 бульдозер, 2 жүктөгүч тартылган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/12497