Жээнбек Кулубаев: Борбор Азиянын коопсуздугу Кытайды тынчсыздандырат
RU

Жээнбек Кулубаев: Борбор Азиянын коопсуздугу Кытайды тынчсыздандырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кытайды Борбор Азия өлкөлөрүндөгү стабилдүүлүк жана коопсуздук маселелери тынчсыздандырып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Сиань шаарында өткөн Кытай-Борбор Азия саммитинин жыйынтыгында айтты.

"Кытай тарап биздин аймактын туруктуулугу жана коопсуздугу үчүн тынчсызданып жатат. Кытай Борбордук Азия мамлекеттер менен чогуу өнүгүп, тынчтыкты кармоого кызыкдар. Бул Кытайдын батыш тараптагы провинцияларын өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүк ачат. Платформа натыйжалуу иштеши үчүн биз тараптан көп сунуштар айтылды. Кийинки жолугушуу 2025-жылы Казакстанда өтүп, андан ары башка өлкөлөргө берилет", - деди Кулубаев.

Буга чейин Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин дүйнө стабилдүү жана гүлдөп өнүккөн Борбор Азияга муктаж экенин айткан.

Кечээ, 19-майда Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын лидерлеринин биринчи бетме-бет саммити Сиань шаарында өттү. Анын жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды. Ошондой эле саммиттин алкагында 9 документке кол коюлду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/12383