Унаасын жолдун четиндеги дарактардын алдына токтоткон айдоочуга айып салынды
RU

Унаасын жолдун четиндеги дарактардын алдына токтоткон айдоочуга айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте унаасын бактын ичине токтотуп койгон айдоочу табылып, айып пул салынды Бул туурасында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Honda Stream унаасы Бишкек шаарынын 33 жаштагы Р.И. аттуу жаранга таандык экени аныкталды. Ага транспорт каражатын тыюу салган жерге токтоткону үчүн Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 188-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, протокол толтурулып, 10 (1000 сом) эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынды.

Кайгуул кызматкерлери айдоочуга профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн кошумчалашты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/12166