Мирлан Жээнчороев акыйкатчы кызматына талапкерлигин коюп жатат
2578
Жогорку Кеңештин "Республика – Ата Журт" партиясынын экс-депутаты Мирлан Жээнчороев Кыргызстандын акыйкатчы кызматына талапкерлигин коюуну көздөп жатат. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына парламенттеги өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, талапкерди парламенттеги "Альянс" фракциясы көрсөтөт.
Эске салсак, 3-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Атыр Абдрахматованы Акыйкатчы кызматынан бошотушкан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/12158