Депутаттар Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоорун жактырышты
Жогорку Кеңештин депутаттары 10-майда "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.
Мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун төрагасы Жанар Акаев мурда 22 пункттан турган документ 15ке кыскарганын билдирди.
"Райондук, шаардык, облустук курултайларда акимдерге ишенбөөчүлүк көрсөтүүгө, жергиликтүү бюджетти бекитүүгө уруксат берген нормаларды алып салдык. Андай ыйгарым укуктар болбойт. Мындан тышкары Элдик курултай өтүп, анын катышуучулары жөн гана өз оюн айтышат. Алар буга чейин сунушталгандай үч жылдык мөөнөткө шайланбайт. Алар жылына бир жолу филармонияда өтүүчү курултайга катышып, дароо үйлөрүнө кетишет. Делегаттар жарандарга көйгөйлөрдү бийликке жеткирүүгө ыйгарым укуктары бар деп айта алышпайт", - деп белгиледи депутат.
Ал жумушчу топ тарабынан сунушталган өзгөртүүлөрдү экинчи окууда киргизүү үчүн долбоордун концепциясын жактырууну кесиптештеринен өтүндү.
Адахан Мадумаров долбоорду берүүнү талап кылды. Ал белгилегендей, депутаттарга 22 нормадан турган мыйзам долбоору берилген.
"Кайсы нормалар, кантип кыскартылганын көрбөй жатабыз. Көрбөгөн нерсеге добуш бере албайбыз", - деди депутат.
Жанар Акаев кыскартылган вариант экинчи окууда комитеттерде каралып жатканда таратылат деп жооп берди.
Мадумаров, эгер, долбоор 1-окууда кыскартуусуз жактырылса, аны эч кандай өзгөртүүсүз эле сүйрөп өтсө болот деген оюн билдирди. Ал кошумчалагандай, жумушчу топтун долбоору парламентте талкууга үч күн калганда таратылышы керек болчу.
Исхак Масалиев өз кезегинде жумушчу топ башынан эле мыйзамсыз түзүлгөнүн белгиледи. Анын айтымында, мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынгандан кийин гана түзүлүшү мүмкүн.
Ошол эле учурда Тазабек Икрамов Элдик курултайдын делегаттары кандайдыр бир чечим кабыл ала албаса, анын зарылдыгын көрбөй турганын билдирди. Мындан тышкары ал Жогорку Кеңеш жана жарандар тарабынан шайланган депутаттар элдик курултай экенин эскертти.
Анын пикирине депутат Эмил Токтошев кошулуп, курултайды эки жылда бир өткөрүүнү сунуштады.
"Келсин, өз оюн айтып, кимди мактагысы келсек - мактасын, бүттү", - деп кошумчалады ал.
Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Элдик курултай бийликтин бир дагы бутагын алмаштырбай турганын айтты. Анын айтымында, курултай мурда белгиленгендей 1200 делегаттан эмес, 700 делегаттан турат.
Абыкеев ошондой эле 2022-жылдын 26-ноябрында өткөн курултайда делегаттардан 3700дөй сунуш түшүп, анын 60%га жакыны аткарылганын билдирди.
Алардын көбү жер маселеси жана мектеп курулушуна байланыштуу болду, - деди мамлекет башчынын кеңешчиси эмоцияга алдырып.
Эльвира Сурабалдиева жер маселесин президент өзү көтөргөндүктөн, жылыш бар экенин белгиледи.
"Эмне үчүн кыжаалат болуп жатасыңар? Депутаттар эмес, бул мыйзам долбоору боюнча сиз кабатырланышыңыз керек. Биз шайлоочулардын суроолорун берип жатабыз. Курултай кандай өткөнүн барыбыз көрдүк. Сиз толук жоопкерчиликти алдыңыз. Түшүнүп, колдоо үчүн суроолорду берип жатабыз, а сиз жооп бергендин ордуна нерв болуп жатасыз", - деп депутат Абыкеевге кайрылды.
Токтошев мектептерди мыйзам долбоорун демилгелеген президенттик аппараттын кызматкерлери эмес, тиешелүү мамлекеттик органдар, анын ичинде капиталдык курулуш башкармалыгы курганын айтты.
Жанар Акаев буга чейин мыйзам долбооруна добуш берип келген айрым депутаттардын позициясына таң калганын, эми каршы болуп жатканын айтты.
"Курултайдын делегаттары мени бардык ыйгарым укуктарынан ажыратып жуурканды депутаттардын үстүнө тартып жатат деп жатышат. Биз мыйзам долбоорун сүйрөп, өткөзүп кетели деген жокпуз. Башкалар менен эмес, силер менен иштешибиз керек", - деди ал ачууланып.
Талкуунун жыйынтыгында парламент мыйзам долбоорун жактырды: 66 депутат макул, бир депутат каршы добуш берди.