Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды
2279
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды.
Бүгүн, 9-майда саат 09:30 чамасында 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу баланын жансыз денеси суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди дешет ӨКМдан.
Белгилесек, 8-майда Военно-Антоновка айылында 6 жашар бала каналга агып кеткен. Аны издөөгө жалпы 50дөн ашык адам тартылып, жыйынтык болгон эмес.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/12111