Зеленский Украина Путинге кол салбаганын айтты
RU

Зеленский Украина Путинге кол салбаганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Владимир Зеленский Украина Кремлге пилотсуз учак менен кол салуу жасабаганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Буга чейин Кремлдин маалымат кызматы 3-майга караган түнү Украина Россиянын президенти Владимир Путиндин Кремлдеги резиденциясында учкучсуз учактар менен сокку урууга аракет кылганын билдирген.

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА Новостиге мамлекет башчысы ал учурда Кремлде жок экенин айткан.

Ал арада Украинанын президенти Владимир Зеленский Хельсинкидеги маалымат жыйында Киевдин Россия жана анын президентине кол салууга тиешеси жок экенин билдирди.

"Биз Путинге же Москвага кол салган жокпуз, биз өзүбүздүн территориябызда согушуп жатабыз... Бул үчүн бизде курал жетишсиз, биз аларды бардык жерде колдонбойбуз... Биз Путинге кол салган жокпуз", - деди Зеленский Хельсинкидеги маалымат жыйында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/12055