Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова 20-июнга чейин СИЗОдо болот
1497
Бүгүн, 2-майда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасы каралды.
Соттук коллегия Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, Равшан Жээнбеков 20-июнга чейин СИЗОдо калтырылды.
Андан кийин активист Рита Карасартованын бөгөт чарасы каралып, Биринчи Май райондук соттун буга чейинки чечими өзгөртүүсүз калтырылды. Муну менен Карасартова 20-июнга чейин камакта болот.
Сот буга чейин массалык баш аламандыкка даярданууга айыпталып жаткан журналист Эрлан Бекчороевди камакта калтырган.
*****
Эске салсак, 23-октябрда опозиция саясатчылары, активисттер коомдук баш аламандыкты жаратууга шектелип кармалган. Андан бир күн мурун Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо боюнча комитет түзүлгөн.
Бул иш боюнча айыпталгандар:
- Мамбетжунус Абылов - үй камагында.
- Акылбек Айтбаев - СИЗОдо.
- Айданбек Акматов - СИЗОдо.
- Нурлан Асанбеков - үй камагында.
- Бектур Асанов - СИЗОдо.
- Марат Баязов - СИЗОдо.
- Атай Бейшенбек - СИЗОдо.
- Азимбек Бекназаров - СИЗОдо.
- Эрлан Бекчороев - СИЗОдо.
- Айбек Бузурманкулов - СИЗОдо.
- Гүлнара Журабаева - үй камагында.
- Кеңешбек Дүйшебаев - СИЗОдо.
- Равшан Жээнбеков - СИЗОдо.
- Кубанычбек Кадыров - СИЗОдо.
- Рита Карасартова - СИЗОдо.
- Чыңгыз Капаров - үй камагында.
- Таалайбек Мадеминов - үй камагында.
- Улукбек Маматаев - үй камагында.
- Темир Махмудов - СИЗОдо, 3-февралда кармалган.
- Жеңиш Молдокматов - СИЗОдо.
- Орозайым Нарматова - үй камагында.
- Асия Сасыкбаева - үй камагында.
- Клара Сооронкулова - үй камагында.
- Перизат Суранова - үй камагында.
- Али Шабдан - СИЗОдо, кошумча айып тагылган.
- Илгиз Шаменов - СИЗОдо, жаңы айыптар тагылган.
- Талант Эшалиев - башынан эле үй камагында.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/11975