Колонияга баңгизатын ташууга аракет кылган топ аныкталды
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери түзөтүү мекемелеринин бирине баңгизатын өткөрүүгө аракет кылган топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашат.
Маалыматка караганда, 23-апрелде Талас облусунун 1996-жылы туулган А.Т. аттуу тургуну түзөтүү мекемесинин аймагына баңгизатын өткөрүүгө аракет кылганда кармалган.
Анда скотч менен оролгон эки баштык алынып, баңгизаттын салмагы 476 граммды, афган гашиши (чарс) экени такталган. Баңгизаттар түзөтүү мекемесиндеги соттолгондорго берилмек.
Бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө мейманканалардын биринин унаа токтотуучу жайынан эки шектүү кармалган. Алар Жалал-Абад облусунун тургундары 23 жаштагы З.К. жана У.Т. аттуу тургундары экени такталды. Алар жашаган мейманкананын бөлмөсүндөгү керебеттен пленкага оролгон гашиш табылып, салмагы 499 граммды түзгөн.Андан тышкары кылмышка шектүүлөрдүн бирине таандык Chevrolet Lanos унаасын тинтүүдө алдыңкы панелиндеги кутучасынан 13 граммды түзгөн баңгизат алынган.Алынган баңгизаттын жалпы салмагы 989,37 граммды түзгөн. Бул факты боюнча 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы иш чаралар жүргүзүлүүдө.