Суктана карап... Айгүл Жапарова килем фестивалындагы эмгектер менен таанышты (видео)
RU

Суктана карап... Айгүл Жапарова килем фестивалындагы эмгектер менен таанышты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өрүкзарлуу Баткенде "Кыргыз ажары-Баткен килеминде" кароо-сынак фестивалы өтүп жатат. Фестивалга биринчи айым Айгүл Жапарова катышып, кол өнөрчүлөрдүн кол эмгектери менен таанышып чыкты.

Улуттук маданий борбордон билдиришкендей, кароо-сынакка 7 дубандан 50дөн ашуун кол өнөрчүлөр катышууда.

@kaktus_kg

Суктана карап... Айгүл Жапарова килем фестивалындагы эмгектер менен таанышты

♬ оригинальный звук - Kaktus_kg
Иш-чаранын максаты - кыргыз элинин эзелтеден муундан-муунга өтүп келе жаткан кол өнөрчүлүгүн сактоо, жайылтуу, даңазалоо жана таанытуу менен биргеликте коңшу жашаган көчмөн жана отурукташкан ар улуттун өкүлдөрү менен соода-сатык мамилелерин жүргүзүүнүн жол-жоболорун, салттарын кайра жандандыруу, жаштарды маданияттуулукка үндөө болуп саналат.

Фестивалга өлкөнүн бардык аймактарындагы кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство кызматкерлери, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер жана келген чеберлер катышат.

Республикалык кароо-сынакка катышкан ар бир катышуучунун "Түктүү килем", "Арабий килем", "Таар килем", "Мурас килем" аталыштагы эмгектери тандалып, кароо-сынакта аныкталат. Жеңүүчүлөр калыстар тарабынан тандалып алынган соң, диплом жана акчалай сыйлыктарга ээ болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/11813