Кыргызстанда адал сертификаттын берилиши. Колбасага чочконун ДНКсы кантип кошулуп калат?
Россельхознадзордун Кыргызстандан экспорттолгон адал колбасадан чочконун эти табылды деген маалыматы коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Көпчүлүктө "сатып алган азык белгиленген сапатка дал келерин кантип ынанса, аныктаса болот?" деген суроо пайда болду.
Адал продукт деген эмне?
Адал азыктар – бул шарият белгилеген атайын технология боюнча жасалган, курамында Куранда тыюу салынган заттар жана компоненттер жок азык. Биринчи кезекте малды союунун атайын ыкмаларын колдонуунун натыйжасында кан дээрлик толугу менен тазаланып, гигиеналык нормаларды жана эрежелерди катуу сактоо менен алынган эт болуп саналат. Адал продукцияга ошондой эле колбаса, кондитердик азыктар, канаттуулар жана башка көптөгөн азыктар, ошондой эле атайын эрежелер боюнча жасалган жыпар жыттар жана косметикалык каражаттар да кирет.
Кыргызстанда халал сертификаты кандай берилет?
Кыргызстанда халал сертификаты талап кылынбайт. Башкача айтканда, продукциясы шарияттын негизинде жасалганын көрсөтүүнү каалаган өндүрүүчүлөр гана ыктыярдуу халал сертификатын алышат. Сертификаттын эки түрү бар: мамлекеттик жана жеке менчик.
Жеке менчик сертификацияны - Адал индустриясын өнүктүрүү боюнча улуттук борбордон алса болот.
Мамлекеттик сертификацияны - Муфтият жана Стандартташтыруу борбору менен биргеликте Кыргыз Республикасында Халал индустриясын өнүктүрүү борбору жүргүзөт.
Компания сертификаттоо үчүн документтер менен арыз бериши керек. Тиешелүү борбордун комиссиясы цехти жана өндүрүш процессин текшерип, ишкананын кызматкерлерин окутат. Малды союуга жооптуу кызматкерге өзүнчө талап коюлат. Ал мусулман болуп, малды шарияттын талаптарына ылайык союшу керек. Өндүрүш кызматкерлери башка диндин өкүлдөрү болушу мүмкүн, бирок тамак-аш коопсуздугунун стандарттарын сактоого милдетттүү. Эгерде өндүрүш бардык талаптарга жооп берсе, анда компания бир жылга сертификат алып, андан кийин документин мөөнөтүн узартат. Эки борбор тең бирдей иштейт, бир гана айырмасы, мамлекеттик борбордун сертификаттары жеке борбордон айырмаланып, бардык өлкөлөрдө тааныла элек.
Кандай учурларда азыктардын курамынан башка ДНК чыгып калат?
Халал индустриясын өнүктүрүү боюнча улуттук борбордун директору Абдул-Хамид Шамшидин уулунун айтымында, адал продукциядан башка азыктын ДНКсы чыккан учурлар көп кездешет.
- Биринчиси – булгануу (байланыштын натыйжасында булгануу). Чочконун ДНКсы чочконун эти тийген продуктуга кире алат. Мисалы эки продукт жакын текчелерде жайгашкан болсо.
"Чочко этинин ДНКсы продуктунун курамына, эгерде азыктар бири-бирине тийип калса же жөн эле жакын жайгашкан болсо кошулуп калат. Андыктан адал технологияга ылайык, чочконун эти жана адал азыктары бар азыктар бири-биринен алыс сакталышы керек", - деди борбордун директору.
- Экинчиси - жабдуулардын жетишсиз иштетилиши.
"Идиш-аяк же жабдыктар алгач адал эмес продукцияга колдонулуп, андан кийин жетишсиз иштетилгенден кийин адал продуктыга колдонулган учурлар бар. Мындай учурда адал продуктуга тыюу салынган зат кирип кетиши мүмкүн. Андыктан туура технология боюнча эки түрдүү цехте, ар башка аймактарда продукция чыгаруу керек. Бир эле цехте эки башка продуктту өндүрүү туура эмес", - дейт Абдул-Хамид Шамшидин уулу.
Бакыт Дегенбаев, Ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясынын төрагасы:
- КМШ рыногу азыр дагы бир аз "жапайырак", дээрлик бардык тармактарда контрафакттык продукция бар.
Кимдир бирөөлөр "Тойбосс" компаниясынын продукциясын жасалма кылып, логотип, штамптарды чаптап, экспорттошу мүмкүн экенин жокко чыгарбайм. Компания да өз алдынча иликтөө жүргүзүп, Россияга кеткен продукцияны сурап, бардык жагынан текшериши керек.
Экинчиден, орус тарап жакында эле капысынан Кыргызстандын товарларында дал келбестиктер байкала баштады деп калды. "Тойбосстун" маселеси балыкчылардын көйгөйүнөн кийин башталган. Мен ойлойм, азыр Россияда болуп жаткан окуяларды, Россиянын бүтүндөй коому аянычтуу абалда экендигин жана бардык мамлекеттик структураларга коррупция канчалык терең кирип кеткендигин эске алганда, текшерүүчү орган коррупциялашып кетиши мүмкүн экенин жокко чыгарбайм. Продукцияларды текшерүү өтө чыгымдуу процесс. Россияга чет өлкөдөн иш жүзүндө жогорку сапаттагы эч нерсе экспорттолбой турганын эске алуу менен орус лабораториясынын сыноо сапаты да шек туудуратю
Коңшулар биздин товарларды текшерип жатканда кыргыз тарап отура бербей, алар берген продукциянын сапатына да көңүл буруп, орус лабораторияларынын ишин текшерип, жыйынтыгын талашып чыгышы керек деп ойлойм.
Бул жерде оюн болуп жаткандыр. Маселен, мындан бир нече жыл мурун ушундай эле көйгөйдөн улам бир кыргызстандык ишкана Кытайга товарын импорттой албай калган учур болгон. Экспортту Кытайдан келген конкурент тоскон экен. Бул жолу Россияда да ушундай болуп жаткандыр.
Саясий мотивди да жокко чыгарууга болбойт. Адатта, өндүрүүчүлөргө доомат коюу жана экспортко бөгөт коюу өлкөгө кысым көрсөтүүнүн инструменттеринин бири болуп саналат. Бирок өндүрүүчүлөр да күнөөлүү болушу мүмкүн. Бул учурда аны моюнга алуу жана бардык күч-аракетти кемчиликти жоюуга багыттоо керек.
Катардагы керектөөчүлөр эмне кылышы керек?
"Тойбосс" колбасасынын курамынан соя жана чочконун ДНКсы табылган, бирок чочконун эти эмес. Шарияттагы көз караш боюнча, курамында тыюу салынган продукты бар ар кандай тамак-аш адал болбой калат. Бирок мусулман колбасасын диний эмес, даам үчүн колдонгон массалык керектөөчүлөр үчүн мындай ачылыш анча деле өзгөрүү алып келбейт.
Халал индустриясын өнүктүрүү боюнча улуттук борбордун директору Абдул-Хамид Шамшидин уулу керектөөчүлөргө жергиликтүү рынокто өзүн далилдеген ишенимдүү өндүрүүчүлөрдөн гана сатып алууну сунуштайт. Ал ошондой эле продукциянын курамын дыкат изилдеп, керек болсо сатуучулардан халал сертификаттын көчүрмөсүн талап кылууну сунуштайт.
"Сатып алуучулар продуктунун курамын кылдат изилдеп чыгышы керек. Мисалы, желатин ошол жерде декларацияланышы мүмкүн, бирок анын келип чыгышы көрсөтүлгөн эмес. Бул эмитен эле суроолорду жаратууда, анткени желатин уй эти же чочконун эти болушу мүмкүн. Ошондуктан адал сертификатын көрсөтүүнү суранса болот. Репутациясын коргогон жана продукциясынын сапаты үчүн жоопкерчиликти алууга даяр өндүрүүчүлөр, эреже катары, сертификаттын бар экенин жашырышпайт, тескерисинче, анын көчүрмөсүн сурагандарга берип, дүкөндөргө калтырып, көрүнүктүү жерге илип коёт", - дейт.
Бирок азыктын сапатын өз алдынча текшерүү татаал жана кымбат процесс. Абдул-Хамид Шамшидин уулунун айтымында, мындай текшерүү ДНК лабораторияларында гана жүргүзүлөт. Ал үчүн продукцияда 20га жакын компоненттин бар-жоктугун текшерүү керек жана бир сыноо орто эсеп менен 7 миң сомду түзөт.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык. Автор: DNR LIVE.