Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео
RU

Жаныбек Абиров муштумун тийгизген жигиттен кечирим сурап, тараптар элдешти. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мушташтан кийин депутаттык мандатын тапшырган Жаныбек Абиров жабырлануучудан, анын ата-энесинен кечирим сурады. Алардын видеосу социалдык тармакка тарады.

Анда Жаныбек Абиров өзүнүн жана окуяга катышкандардын атынан кечирим сураган. "Эмоцияга алдырып, туура эмес кылганыбызды түшүнүп, кабыл алдык. Силерден кечирим сурайбыз. Бири-бирибизге бир тууган бололу. Мындан кийин мамилебиз да, саламыбыз да түз болсун. Биз да өкүнүп жатабыз. Үй-бүлөбүздүн, балдардын атынан кечирим сурайбыз", - дедт Абиров.

Жабырлануучу тарап түшүнбөстүктөр болуп кеткенин айтып, "кечирдим" деп кол алышты.

Эске салсак, 11-мартта Абиров жеке күзөт кызматынын кызматкерин сабап салган. Жабырлануучу баш мээнин жабык жаракаты менен Улуттук госпиталга жаткырылган. Бул окуяга президент Садыр Жапаров реакция жасап, 13-мартта окуяга тиешеси бар эки шектүү милиция тарабынан кармалган.

Жаныбек Абиров катышкан мушташ (20 статей)
Жаныбек Абиров БШКнын чечими боюнча комментарий берди
3 Август 2023, 18:00
"Жогорку Кеңештин аброюна шек келтирбейин дедим". Жаныбек Абиров парламентте сөз сүйлөдү
5 Апрель 2023, 12:11
БШК Жаныбек Абировдун депутаттык мандатын алды
27 Март 2023, 19:19
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/11185