Республика боюнча "кооз датада" 199 түгөй баш кошту
2701
23-мартта республика боюнча 199 түгөй никесин расмий каттоодон өткөрүштү. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен эң көбү Бишкектен катталганын маалымадады.
Тагыраагы, Бишкекте 104 жуп никесин мыйзамдаштырган. Анын ичинен 62си борбор калаадагы бакыт өргөсүндө, Оштогу бакыт үйүндө 8 түгөй нике күбөлүгүн алышты.
"Бүгүнкү күндө үлпөт той үчүн кооз күндү – күндүн, айдын, жылдын сандары кайталанган даталарды, Валентин күнүн тандоо тенденциясы жаңы үйлөнгөндөр арасында абдан актуалдуу болуп саналат", - деп белгилешти ведомстводон.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/11093