Кыргызстанда "Мекен-карт" алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат
13-мартынан баштап "Мекен-карт" документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери 13-марттан тартып чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендеш статусун алуу үчүн кайрылууга укуктуу.
Бул үчүн чет өлкөлүк жаран төмөнкү дарекке кайрылышы керек:
- Кыргызстандын аймагында кайрылган учурда - аймактык бөлүктөргө же калкты тейлөө борборлоруна;
- Кыргызстандын чегинен тышкары жерде кайрылган учурда - өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү мекемелерине.
Белгилей кетсек, чет мамлекеттердин жарандарына чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкүдөй укуктарды берүү менен ыйгарылат:
- Кыргызстандын аймагына виза тариздебестен кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү, орун которуу;
- жашап турууга уруксат тариздебестен, өлкөдө туруктуу жашоо;
- эмгек визасын тариздебей жана иштөөгө уруксаты жок Кыргызстандын жарандары үчүн бекитилген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө же башка эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүү;
- саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү төлөнүүчү кызматтарды Кыргызстандын жарандары менен бирдей шартта төлөө;
- жер тилкесине укук пайда болгон күндөн тартып он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратып берүү;
- Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын өткөн учурдан тартып 90 (токсон) жумушчу күндүн ичинде болгон жери боюнча каттоо мүмкүнчүлүгү.
Жогоруда көрсөтүлгөн статусту ыйгаруу менен "Мекен-карт" документи берилет, анын жарактуу мөөнөтү 10 жыл.
"Мекен карталарын" алуу үчүн документтердин тизмеси Эмгек, социалдык коргоо жана миграция, Тышкы иштер министрлигинин жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин расмий сайттарында жарыяланган.