"Орун басарларыңарды айдагыла". Бактыбек Сыдыков Транспорт министрлигинин ишин сынга алды
Депутат Бактыбек Сыдыков Транспорт жана коммуникация министрлиги эл аралык долбоорлор менен өтө начар иштейт деп эсептейт. Бул тууралуу ал 7-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бардык долбоорлор коронавирустук пандемия учурунда башталган.
"Маданият-Жалал-Абад жолунун курулушун бүтүрөм деп төрт министр сөз берген. Төртөө тең кетти. Альтернативдик жолдун [Түндүк-Түштүк] ишин эч ким көзөмөлдөбөйт. Көңүл бургула. Орун басарларыңарды айдагыла, иштешсин. Жылуу кабинеттерде отурбай, иштесин! Эмнеге жаныңызда кармап отурасыңар? Жумгалдыктар кытайлык подрядчик салышы керек болгон жолдун башталбай калганына нааразы болууда", -
деди Сыдыков ачууланып министр Тилек Текебаевге кайрылып.Депутат курулушка насыялар алынганын, алар төлөнүп жатканын, бирок иш аягына чыга электигин эске салды.
Министрликтин өкүлү таң эртеден баштап саат 07:30дан баштап 15 долбоордун ишин өзү көзөмөлдөп жатканын айтты. "Бардык консультанттар WhatsApp тайпасында бар. Алар сутка ичинде аткарылган иштер боюнча отчет беришет", - деп кошумчалады ал.