Чүйдө наабайчыны карактап кеткендер колго түшүрүлдү
RU

Чүйдө наабайчыны карактап кеткендер колго түшүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Маевка айылында наабайчыны таңга маал карактап кетишкен. Шектүүлөр колго түшүрүлгөнүн Чүй ОИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 5-мартта саат 04:20 чамасында Маевка айылындагы наабайканага эки адам кирип барышкан. Алар Ф.Э. аттуу жаранды бычак менен коркутуп, сабап, телефонун жана 10 миң сомун тартып алышкан.

Арыз 207-берене менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Комплекстүү териштирүүнүн алкагында шектүү катары 1995-жылы туулган Т.М. жана 1994-жылы туулган Э.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/10705