Активисттер, укук коргоочулар Кемпир-Абад иши боюнча кармалган аялдарды бошотууну суранат
Жарандык активисттер, журналисттер жана укук коргоочулар президентке, Жогорку Соттун төрагасына, башкы прокурорго, ички иштер министрине кайрылуу жасашты. Анда "Кемпир-Абад иши" боюнча кармалган Клара Сооронкуловага, Гүлнара Журабаевага, Асия Сасыкбаевага, Рита Карасартовага карата эркинен ажыратуу менен байланышпаган чараларды колдонууга чакырды.
Кайрылуунун авторлору кылмыш иши "жашыруун" деген грифке киргендиктен иштин чоо-жайын билбей турганын баса белгилешет.
Алар Клара Сооронкулова, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева жана Рита Карасартовага карата баш коргоо чарасын өзгөртүү зарылдыгын айтышып, жогорку бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн бурууга аргасыз экенин айтышты.
"Конституциянын 57-беренесинин 1-пунктуна ылайык, "ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт". Ар бир конкреттүү иштин шарттарында бөгөт коюу чараларын колдонууда тергөө органдары алардын максатка ылайыктуулук жана зарылдык принциптерин жетекчиликке алышы керек. Себеби Конституциянын 23-беренесинин 2-пунктуна ылайык, "киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек". Мындан улам эркиндигинен ажыратууга байланышкан бөгөт коюу чарасы өзгөчө болууга тийиш жана адам укугу жаатындагы эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык Конституцияда жана мыйзамдарда каралган учурларда гана колдонулат", - деп айтылат кайрылууда.
Жогоруда аталган адамдар өзгөчө коркунучтуу кылмышкер, террорист да, экстремист да эмес, алар болгону чогулуу жана биригүү эркиндигине болгон укугун тынч жол менен гана колдонушкан дешет кайрылуу жасагандар.
"Клара Сооронкулованы, Гүлнара Журабаеваны, Асия Сасыкбаеваны, Рита Карасартованы камакка алуу жөнүндө чечимди кабыл алууда тергөө органдары жана сот алардын балдары бар экенин, жаш курагын, коомго сиңирген эмгегин, туруктуу жашаган жери бар болгонун эске алышкан эмес. Бөгөт коюу чарасынын эң кеңири таралган түрлөрүнө башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюу, үй камагы, камакка алуу кирет.
Бүгүнкү күндө адамдын ары-бери жүрүүсүн, башка адамдар менен сүйлөшүүсүн, жада калса байланыш каражаттарын колдонуусун чектей ала турган конкреттүү механизмдер бар. Эгерде сот көрсөткөн шарттар бузулган болсо, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинде бөгөт коюу чарасынын түрүн кыйла катуу чарага алмаштыруу мүмкүнчүлүгү каралган.
Мындан улам бул иш боюнча жогоруда аталган адамдарга карата бөгөт коюу чараларынын башка түрлөрүн колдонууга мыйзамдуу мүмкүнчүлүк бар.
Буга байланыштуу биз Клара Сооронкуловага, Гүлнара Журабаевага, Асия Сасыкбаевага, Рита Карасартовага карата тергөө иштерин жүргүзүү жана ишти маңызы боюнча кароо мезгилинде эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган бөгөт коюу чарасын колдонууга чакырабыз", - деп айтылат кайрылууда.