"Яндекс Go" кызматы Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишке кирди
"Яндекс Go" Токмок жана Кара-Балта шаарларында ишке кирди. Унаага буюртма берүү үчүн тиркемени жүктөп, ал аркылуу даректи так көрсөтүү керек. Бул кызмат колдонуучу турган жерди геолокация аркылуу өзү аныктайт жана тез убакытта келе турган айдоочуну табат.
Эки шаарда тең жол кире баасы 39 сомдон башталат. Мисалы Токмок шаарында автобекеттен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз-Түрк лицейине баруу 62 сомдун тегерегинде болсо, Кара-Балта шаарындагы Жайыл баатырдын эстелигинен автобекетке чейин 72 сом болот. Төлөмдү накталай же тиркемеде көрсөткөн банк карта менен да жүргүзсө болот."Мындай кызматтын ишке кириши Токмок жана Кара-Балта шаарларынын тургундарына күнүмдүк жумуштарын аткарууну тездетет. Биздин технологиянын жардамы менен унаа таап берүү убактысы бир топ кыскарат. Ошондой эле колдонуучулар дагы тиркемедеги бир катар ыңгайлуулуктарды баалай алышат. Алсак, жолдо жүрүүнүн чоо-жайын көрүү, сүйүктүү адамыңызга унаага буюртма берүү, кайсы убакытта буюртма кылуу пайдалуурак экенин билүү. Биздин кызмат жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген компания жана айдоочулар үчүн буюртмалардын агымын жана кирешени көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт", - дейт "Яндекс Go" кызматынын Кыргызстандагы аймактык менеджери Тилек Сулайманов.
Бул сервисте күнү-түнү иштей турган онлайн-колдоо кызматы бар. Эгерде колдонуучу айдоочуга нааразы болсо, унаада бир нерселерди унутуп калса же суроо бергиси келсе тиркеме аркылуу колдоо кызматына кайрыла алат. Аларга ошол замат жардам берилет.
"Яндекс Go" Кыргызстанда 2017-жылдын күз айларында ишке кирген. Бул кызматты аталган эки шаардан тышкары Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Караколдо колдонсо болот. Акысыз тиркеме iOS жана Android колдонуучулары үчүн кыргыз, орус, англис жана башка тилдерде жеткиликтүү.