Зыяратчылардын формасын тигүү боюнча сынактын жеңүүчүсү аныкталды
1687
"Ажылык–2023" сапарында зыяратчылардын жайкы кемселин (жилет) тигүү боюнча сынак жыйынтыкталды. Муфтияттан кабарлашкандай, "Шаң стиль" ишканасы жеңүүчү табылды.
Маалым болгондой, 2023-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы Кыргызстандык ажыларга жайкы кемсел (жилет) тигүүчүлөр ортосунда конкурс өткөрүп, кездеменин курамына, кийимдин тигилишине, дизайнына, өңү-түсүнө жана сапатына баа беришти. Конкурстун жыйынтыгында ажылыкты уюштуруу штабы ажыларга кемсел (жилет) тигүү боюнча "Шаң стиль" ишканасын тандап алды.Эскерте кетсек, 25-январдан 17-февралга чейин ажылар кийүүчү жайкы кемселин (жилет) тигүүчү тараптарга конкурс жарыяланып, натыйжада сынакка катышуу үчүн 5 ишкер документ тапшырган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://nuts.kaktus.media/10576