Парламент тамекиге каршы күрөшүн улантууда. Бул жолу кандай сунуш беришти?
Парламенттин төрт депутаты - Эльвира Сурабалдиева, Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков жана Акылбек Түмөнбаев жарандардын ден соолугун чылым чегүүдөн коргоону караган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатышат.
Алар Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин тамеки чеккендердин саны 1990-жылга салыштырмалуу бир топ - 3-4 эсеге, өзгөчө жаштардын, анын ичинде аялдардын арасында өскөнүн баса белгилешет.
"Өлгөндөрдүн жалпы санынан орточо эсеп менен 10 000ден 12 000ге чейин адам тамеки чегүү менен байланышкан себептерден каза болот. Тамекиге көз карандылыктын алдын алуу жана токтотуу чаралары көрүлбөсө, бул сан дагы көбөйөт. 20-кылымдын аягында Дүйнөлүк банк тамекини колдонуу жылына 200 миллиард долларды түзөрүн, анын жарымы өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө туура келет деп эсептейт. Чыгымдарга тамеки чегүү менен байланышкан оорулар боюнча түздөн-түз медициналык жардам көрсөтүү, өрттөн болгон жоготуулар, майыптык, эмгек жөндөмдүүлүгүн жоготуу жана эрте өлүмдөн улам жоголгон киреше кирет", - деп айтылат сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн негиздемесинде.
Депутаттар мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине өз жайларында атайын обочолонгон бөлмөлөрдү, аталган жерди тамеки чегүүгө ылайыкталган вентиляция системалары менен жабдууну сунуштап жатышат. Албетте, коопсуздук талаптары да сакталышы керек.
Мындан тышкары мыйзам долбоорунда тамеки саткан өспүрмдөрдүн ата-энелерине 17 миң сом айып салуу сунушталууда. Ушундай эле жаза тамеки чегүүнүн зыяндуулугу тууралуу таңгактарда жазылган жазууларды жана сүрөттөрдү эскертпестен саткандарга да каралган.
Демилгечилердин айтымында, сергек жашоо образы боюнча лекцияларды гана окубастан, никотинге болгон көз карандылыктан жапа чеккен адамдар кайрыла турган республикалык деңгээлдеги ишеним телефонун уюштуруу зарыл.