"Этти жакшылап иштеткиле". Өлкөдө эхинококкоз менен ооругандар көбөйдү
Кыргызстанда эхинококкоз менен ооругандар көбөйдү. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматы боюнча, 2021-жылы 888 учур катталса, 2022-жылы 923 учур катталды. Ооругандардын эң көп саны Бишкек жана Ош шаарларында катталган.
Бул кандай оору экенин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун эпидемиологу, профилактика жана жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Айжаркын Эгембердиева айтып берди.
Эхинококкоз - бул эхинококк личинкасы пайда кылган курт оору. Адамдын организмине митенин жумурткалары киргенден кийин, эхинококк кисталарын пайда кылат. Курттардын жалпы өлчөмү бир нече миллиметрден ашпайт.
Эхинококкоздун жугуу жолдору кандай?
Инфекциянын негизги булагы үй жана жапайы жаныбарлар – кой, уй, чочко, жылкы, ит, карышкыр, түлкү. Болжолдуу циклди карап көрөлү: жетилген жумуртка бул жаныбарлардын заңы менен бөлүнүп чыгат, андан малдын жүндөрү булганышы мүмкүн, айлана-чөйрө да булганат. Андан кийин адам ылаңдаган жаныбарлар менен тиричилик аркылуу байланышып – жаныбарлар менен байланышкандан кийин кир колдордон (мисалы, эхинококкоздун жумурткалары бар заңга боёлгон иттин жүнүн сылап алганда) жугушу мүмкүн. Инфекция мөмө-жемиштерди жана чөптөрдү тергенде же кудуктагы суудан ичкенде жугушу мүмкүн.
Белгилей кетчү нерсе, эхинококкоз менен ооруган адам айланасындагы адамдар үчүн коркунучтуу эмес – башка адам эхинококкоз менен ооруган адамдан өбүшүү аркылуу да, жыныстык катнаш аркылуу да жугуза албайт.
Ооруган адам менен байланышы бар жаран инфекцияны бир аймакта жашаса, ошол эле шарттарда жуктуруп алышы мүмкүн.
Адамда көбүнчө кайсы органдар жабыркайт?
Эхинококкоз адамдын денесиндеги ички органдарды – боорду, өпкөнү, жүрөктү, мээни жабыркатат. Оорулууда алсыздык, убактылуу ысытма сыяктуу белгилер болушу мүмкүн. Жүрөк айлануу, жөтөл, невралгия, кардиалгия, аритмия жана башка белгилер да пайда болот.
Бул коркунучтуу оорудан сактануу үчүн алдын алуу чаралары кандай?
Ал комплекстүү чараларды камтыйт. Биринчиден, инфекциянын жугуу коркунучун минимумга чейин төмөндөтүү үчүн инфекциянын жугуу жолдорун эстен чыгарбоо керек.
Иши мал чарбачылыгы, аңчылык менен байланышкан адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү биринчи кезекте гигиеналык эрежелерге чоң көңүл бурушу керек:
- Жаныбарлар менен байланышта болгондон кийин, мал сойгондон кийин, тамак алдында, дааратканадан кийин колду өз убагында самындап жууп туруу инфекциянын организмге киришинен сактайт;
- Булактан, кудуктан жана башка жаратылыш булактарынан алынган сууну адегенде кайнатып, анан ичүү зарыл;
- Этти этияттык менен термикалык иштетүү да абдан маанилүү, анткени анын курамында эхинококк личинкалары болушу мүмкүн;
- Балдарды жана өспүрүмдөрдү бардык жаныбарлар менен тыгыз байланышта болбоого үйрөтүү (кучактоо, өбүшүү).