Жалал-Абадда хирургдар бейтаптын башындагы окту ийгиликтүү алышты
RU

Жалал-Абадда хирургдар бейтаптын башындагы окту ийгиликтүү алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда нейрохирургдар башына ок тийген жаранды аман алып калышты. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиршкендей, бейтап ооруканага ачык жаракат менен түшкөн.

9-февралда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына башынын ачык жаракат алган бейтап кайрылган. Анын маңдайынан мээге ок кирген.

Нейрохирургдар чукул түрдө татаал операция жасашты. Медицина илимдеринин кандидаты, облустук оорукананын нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Абдибайит Идирисов жана анын командасынын жардамы менен бейтаптын өмүрү сакталып калды.

Операция ийгиликтүү өтүп, бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу деп бааланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/10276