Араванда сары таш менен жол курулат
RU

Араванда сары таш менен жол курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунун райондорунда сары таш менен ички жолдор курулат. Маалыматты президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Белгиленгендей, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасы менен алгачкы жолу 2023-жылдын март айынын аягына чейин Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүндө ишке ашырылып, 1 чакырым ички жол куруу пландалууда.

Облусу башчысы Араван районундагы таш карьерге барып, жолго төшөлүүчү таштын сапатын жеринде көрдү. Зиядин Жамалдинов тиешелүү адистерге жолду сапатына көңүл бурууну тапшырды.

Аталган ыкма менен жол куруу 2023-жылы башка райондордо да колдонулуп, ар бир райондун аймагында 1 чакырымдан ички жол куруу пландалууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/10252