28-апрелден 4-майга чейин Бишкекте жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн
RU

28-апрелден 4-майга чейин Бишкекте жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чукул эскертүү! 27-28-апрелде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

27-29-апрель күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 207-224-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу), Каракол-Эңилчек, 74-86-чакырымдарында (Чоң- Ашуу ашуусунда) кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Жолдордо кар көчкү коркунучу бар аймактардан өтүүдө унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо зарыл.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://nuts.kaktus.media/16045